Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган

Коррупциогендик факторлорду алып жүргөн шилтемелүү ченемдерди жокко чыгарууну жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык ар бир конкреттүү учурда айыптардын өлчөмдөрүн аныктаган жоболорду тактоону караган өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 6-август