Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзам 3 айдан ашуун иш жүргүзүп жаткан коомдук тамактануу субъектилеринин ишин календардык жылдын каалаган айында салык контрактынын негизинде салык төлөөгө которуу жолу менен мамлекеттик бюджетти толуктоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күндөн эрте эмес  күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

 

2013-жыл 6-август