Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Лотереялар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзам «Лотереялар жөнүндө» колдонуудагы мыйзамдын бир катар жоболорун тактоого жана карама-каршылыгын четтетүүгө, ошондой эле коррупциогендүү ченемдерди жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга так критерийлерди жетекчиликке албай туруп, өз алдынча чечим чыгарууга укук берген жоболордун кош маанилүү чечмеленүүсүн тактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 6-август