Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Баалуу кагаздар жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзам баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөйлүк ишмердик үчүн лицензиялоо статусун кайтарууга багытталган. Алсак, баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөйлүк ишмердик үчүн лицензиялоо жана каттоо укугу мамлекетке калтырылган.

Баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнүн баштапкы этаптарында мамлекеттик лицензиялоо жана каттоо каржылык камсыздалбаган эмиссияларды жана баалуу кагаздардын ар түрдүү суррогаттарын чыгаруудан, ошондой эле каражаттарды адалдоо боюнча мыйзамсыз операциялардан коргоочу болуп кызмат кылууга чакырылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

 

2013-жыл 6-август