Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүү “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын жарандарын укук коргоо органдарына ишке алуу үчүн милдеттүү шарт катары – жигиттердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтүүсү же альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөсү киргизилет. 

Кабыл алынган мыйзамдын ченемдеринин колдонулушу укук коргоо органдарынын статусуна ээ эмес органдардын мамлекеттик кызматчыларына жайылтылбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 7-август