Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобо жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобо “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча арыздарды тариздөөнүн жана берүүнүн, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин кароонун, аталган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуунун, аткаруунун жана даттануунун тартибин аныктайт, ошондой эле зарыл документтердин формаларын белгилейт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 13-август