Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бейшенбай Жунусов Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 15-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Табалдиев Бусурманкул Беркутович Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысынын милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.

 

2013-жыл 15-август