Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын 26-Москва эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесинекатышуусу үчүн каражат бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 2013-жылдын 4-9-сентябрында Москва шаарында, Россия Федерациясында өтө турган 26-Москва эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесине Кыргыз Республикасы катышуусу үчүн каражат бөлүндү.

26-Москва эл аралык китеп көргөзмө-жарманкесинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, ошондой эле Айтматов жөнүндө китептер таанытымдары жана жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө лекциялары менен көргөзүлөт.

Бардык иш чаралар чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтууга, анын жаркын элесин унутпоого багытталган жана дүйнөлүк адабият классигинин 85 жаш мааракесинин алкактарында өткөрүлүп жатат.

2013-жыл 15-август