Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен районунун Самаркандек айылында шахтанын урап кетишинин кесепетинен улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2013-жылдын 13-августунда шахтанын урап кетишинин кесепетинен улам Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылынын каза болгон тургундарынын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык жактан коргоо жана колдоо фондунан каражат бөлүндү.

Материалдык жардам каза тапкан Саттар Абдрахмановдун, Тажибай Абдрахмановдун жана Бакыт Айдаровдун үй-бүлөлөрүнө көрсөтүлдү.

2013-жыл 28-август