Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Калмурат Байтолоев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 29-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Байтолоев Калмурат Эсеналиевич Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Арстанбеков Акылбек Советбекович Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулду.

 

2013-жыл 29-август