Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу.  Мыйзам лицензиялоонун негизги багыттарын жана принциптерин аныктайт, лицензиялоого боло турган ишмердүүлүктүн тизмесин, операцияларын, лицензиялык контролдун жол-жоболорун, лицензияларды токтотуу, жокко чыгарууну камтыйт, 

Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2013-жыл 22-октябрь