Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-сентябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди:
- имараттардын энергетикалык сертификаттарын тандоо жолу менен экспертизадан өткөргөн жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо тууралуу отчетторду экспертизадан өткөргөн адистерди сертификациялоодо коррупциялык факторлорду жокко чыгаруу боюнча;
- имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү тартибин регламенттеген;
- имараттарды энергетикалык сертификациялоо мониторинги жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапаты төмөн болгондо сертификацияланган адисти мамлекеттик квалификациялык сертификатынан ажыратуу тартиби тууралуу;
- аталган мыйзамдын 12-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине шайкеш келтирүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.