Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Зарлык Апышев Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Бүгүн, 2013-жылдын 12-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Апышев Зарлык Мусаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруудан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 12-октябрь