Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен мыйзамдын долбоорлору боюнча биринчи жана экинчи окууда добуш берүү талкулоодон кийин гана жүргүзүлөөрү белгиленди. Мыйзамдын долбоорлору боюнча үчүнчү окуудагы добуш берүү Жогорку Кеңеш белгилеген мөөнөттө ар бир бейшемби күнү түштөн кийин жүргүзүлөт. 

Мыйзам долбоорлоруна тиешеси жок маселелер боюнча добуш берүү аларды талкулоодон кийин жүргүзүлөт, ал учурда чечүүчү добуш укугун башка бирөөнө өткөрүп берүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө

 

2013-жыл 22-октябрь