Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – «Ысыккөл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн укуктук тартибин күчөтүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2013-жыл 24-октябрь