Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештердин курамын түзүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, өлкөдө тынчтыкты жана биримдикти камсыз кылууга, Кыргызстандын элдеринин биримдигин сактоого, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана Кыргызстан жарандарынын жаңы муунун тарбиялоого, ошондой эле коомдук эксперттик кеңеши институтун бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ишине   жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында киргизилген.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 25-октябрь