Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшү жаатындагы эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерине ылайык келтирүү жана   климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу  боюнча  аракеттерди укуктук жактан камсыз кылуу. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2013-жыл 28-октябрь