Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы «Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү кергизүү тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адамдарды пенсия менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди аткарууну камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы № 252  «Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деген өзгөртүү киргизилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 31-октябрь