Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Султанбек Жумагулов «ЭлТР» телерадио берүү компаниясынын башкы директорунун милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 2013-жылдын 5-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Жумагулов Султанбек Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - Коомдук телекөрсөтүүсү» телерадио берүү компаниясынын башкы директорунун милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Абдырахман уулу Шайырбек берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - Коомдук телекөрсөтүүсү» телерадио берүү компаниясынын башкы директорунун кызматынан бошотулду.

2013-жыл 5-ноябрь