Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимине кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын  мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимине кол койду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын, Кыргыз Республикасынын экономика министри Т.А.Сариевдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Антикоррупциялык кызматтын директору Б.К.Сыдыгалиевдин Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндөбаяндамаларын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши төмөнкүлөрдү белгиледи:

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2012-жылдын
2-февралындагы «Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн чаралары жөнүндө» чечими жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 14-декабрындагы №27 «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө» жана 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндө» жарлыктары коррупцияга каршы реалдуу күрөштү баштоонун негизи болуп калды. Тийиштүү уюштуруучулук чаралар кабыл алынып, укук коргоо органдарынын иши активдешти, мыйзамдык базаны жаңылоо башталды.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык багыттагы 1180 жазык иши козголгон, бул 2011-жылга салыштырганда 23 пайызга көп. 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда дагы 9 пайызга көбөйгөн.

Коомдо коррупциялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиз экендигин түшүнүү акырындап калыптана баштады. Жогорку кызмат адамдарынын айрым өкүлдөрүн коррупциялык багыттагы кылмыштары үчүн жазык жоопкерчилигине тартуу кыргызстандыктардын адилеттүүлүккө болгон ишенимин жаратты. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу толтуруунун өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 2013-жылдын 9 айында Кыргызстандын бардык укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалары боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ар кандай мүнөздөгү мыйзам бузуулардын аныкталган фактылары боюнча казыналык системасы аркылуу бюджетке зыяндын ордун толтуруу катары 621, 8 млн. сом түшкөн, бул бүтүндөй 2012-жылга караганда 2,3 эсе көп.
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өзүнүн позициясын эл аралык өкмөттүк эмес Transparency Internationational уюмунун рейтингинде “Коррупцияны кабылдоо индекси” боюнча 164-орундан 154-орунга жакшыртты.

Бирок коррупцияга каршы күрөшүүдөгү алгачкы жакшы жылыштар тиешелүү түрдө уланган жок. Коррупция мурдагыдай эле мамлекеттик органдардын иштөөсүнө жана улуттук экономиканы модернизациялоого олуттуу тоскоолдук кылып, коомдо катуу тынчсызданууну жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин кетишин жаратып, эл аралык аренада өлкөнүн терс имиджин түзүп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген башкы коркунучтардын бири болуп эсептелүүдө.

Өткөн эки он жылдыктын ичинде коррупция системалуу, рационалдуу болуп калды. Аны түп-тамырынан бери жоюу аракеттери мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат  системасынын ичиндеги терең карама-каршылыктарга туш болууда.

Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иши алдын алуу багытына ээ эмес. Көп учурларда соттук органдар мамлекеттик түзүлүштүн бүткүл системасын дискредитация кылган чечимдерди кабыл алышат. Укук коргоо органдарынын ишинде эскирип калган методдордун элементтери көп колдонулат. Борборлордо жана жер-жерлерде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча алардын ишин координациялоо деңгээли төмөн бойдон калууда. Азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясында каралган мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын антикоррупциялык күч-аракеттерин координациялоо механизми дагы түзүлгөн эмес.

2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарына жетишүү коррупцияны жана аны пайда кылган себептерди жоюуну талап кылат.

Саясий коррупциянын өнүгүү коркунучу Кыргызстандын жарандарында өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Ал коррупциялык түзүлүштүн башкы кыймылдаткыч күчү болуп калды, анын таралуу зонасы мамлекеттик кызыкчылыктар болуп саналат.  

Өлкөнү өнүктүрүү жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп системалуу коррупция эсептелет, ал мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын колдонуудагы системасынын коррупциялык потенциалы менен шартталган. Улуттук коопсуздук позициясынан алганда соттук, укук коргоо, финансылык, каттоо, энергетика жана билим берүү системаларындагы коррупциялык схемалар абдан чоң проблемалар болуп калды.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын, укук коргоо органдарынын жана соттордун системалуу кемчиликтери бюрократтык жол менен гана жоюлбайт. Мамлекеттин жана жарандын өз ара мамилелерин кайра түзүү, ошондой эле жарандык коомдун институттарын коррупцияга каршы күрөшүүгө тартуу мамлекеттин биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу милдеттеринин катарына  кирүүдө. 

Коррупцияга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупциялык мүнөздөгү бар болгон коркунучтардан улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши төмөнкүдөй чечим кылынды:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
А.Ж. Салянованын, Кыргыз Республикасынын экономика министри Т.А.Сариевдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Антикоррупциялык кызматтын директору Б.К.Сыдыгалиевдин Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндамалары маалымат катары алынсын.

Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы күрөшүүдөгү жакшы жылыштар белгиленсин.

Мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүндөгү саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этабынын башкы милдети болуп эсептелээри белгиленди.

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталды:

1) саясий күчтөрдүн тар топторунун кызыкчылыктарына мамлекеттик чечимдердин көз каранды болушунун коркунучун жоюу, ошондой эле шайлоо системасынын начар жактары жана башкаруучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына дайындоонун түзүлгөн практикасы бөлүгүндө саясий коррупцияга каршы аракеттенүү;

2) мамлекеттик органдардын коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылуучу функцияларын жана ыйгарым укуктарын талдоо, өзгөртүү жолу менен коррупциялык схемаларды табуу жана демонтаждоо бөлүгүндө системалуу коррупцияны жоюу;

3) мамлекет менен жарандын өз ара мамилелеринде адам укуктарынын артыкчылыгын орнотуу.

Кыргыз Республикасынын бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар
жактырылды.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгы:

1) жылына кеминде эки жолу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйналыштарына өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерин  алып чыгууга;

2) Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин бул чечиминин аткарылышын контролдоону камсыз кылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентине бул Чечимди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган Кыргыз Республикасынын бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен ишке ашыруу сунушталды.

2013-жыл 11-ноябрь