Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жана «Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө» Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр 2013-жылдын 1-октябрынан  тартып, эмгек акыны чектөө деңгээлин 5000 сомдон 8000 сомго чейин көбөйтүүнү  аныктайт.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча пенсиянын орточо көлөмү 4554 сомду түзөт (458,5 сомго же 111,2%  көбөйдү).

Мыйзам 2013-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

 

2013-жыл 11-ноябрь