Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Билим берүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамда «дистанциялык окутуу» түшүнүгүн билим берүү формасы катары эмес, күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки) билим берүү формамында колдоно турган билим берүү технологиясы катары аныктаган тактоо киргизилген.

Андан сырткары, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга ылайык келтирүү максатында, дистанциялык билим берүү тармагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын  бир катар ыйгарым укуктары Өкмөткө  өткөрүлүп берилет (Мыйзамдын 14-беренеси).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 12-ноябрь