Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2013-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн керектелген айрым мыйзам актыларын кабыл алуу максатында иштелип чыккан.

Тактап айтканда, өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына киргизилди:

- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

- «Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

 - «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Сунушталган толуктоолорду киргизүү жогорудагы мыйзам актыларынын негизги жоболорун жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шилтеме ченемди тактоо жана  имплементациялоо зарылчылыгы менен шартталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 18-ноябрь