Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Кореянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

2013-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамга ылайык,Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жолжоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кореялык тарапка кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 19-ноябрь