Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

2013-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган «Финансылык секторду өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына белгиленген тартипте билдирүү тапшырылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>. 

2013-жыл 19-ноябрь