Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам өнөр жай коопсуздугу жагындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт, опурталдуу өндүрүштүк объекттерде авариялардын алдын алууга жана анын кесепеттерин локализациялоого уюмдардын даярдыктарын камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2013-жыл 20-ноябрь