Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга кошулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Конвенция өлкөлөрдүн мезгил мезгили менен мамлекеттик чек араларынан өткөн жерде, сууда жана аба чөйрөсүндө жашаган жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 25-ноябрь