Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 24-октябрында каьыл алынган.

Ушул мыйзам «Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Ушул максатты ишке ашыруу үчүн «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Мыйзамынын 9, 15, 40, 44 беренелерине толуктоолор каралып, аларга ылайык баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган:

- камакта кармоочу жайларда Ички тартиптин эрежелерин колдонот;

- ченемдик укуктук актыларында каралган негиздерге жана учурларга таянып камакта кармоочу жайларда күч, атайын каражаттарды, газ жана ок атуучу куралдарды колдонууга укуктуу;

- мыйзамда белгиленген учурда Башкы прокурор менен макулдашуу аркылуу камакта кармоочу жайларда жыйырма суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режимин киргизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 25-ноябрь