Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалды

2013-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жекшемби күнгө, 2014-жылдын 26-январына дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлүүгө;

– шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына жогоруда көрсөтүлгөн кеңештин карамагына тиешелүү документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 27-ноябрь