Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашуу ратификацияланды

2013-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу,  Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана  Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча  Жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарлоо тапшырылды.   

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 5-декабрь