Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын жана Польшанын Өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

2013-жылдын 9-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө польшалык тарапка кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 10-декабрь