Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эркин соода аймагы жөнүндө келишим ратификацияланды

2013-жылдын 9-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2013-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 10-декабрь