Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария экинчи долбоорун» каржылоо жөнүндө Макулдашууга № 2 Толуктоо тууралуу макулдашуу-каты ратификацияланды

2013-жылдын 11-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария экинчи долбоорун» каржылоо жөнүндө макулдашууга № 2 Толуктоо тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 12-декабрь