Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

2013-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкага чыгуусунун, болуусунун жана токтотуусунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Жарлыка кол койду.

Жобо Кыргыз Республикасынын бардык судьяларына колдонулат жана судьянын отставкага чыгуусунун, отставкада болуусунун жана судьянын отставкада болушун токтотуунун тартибин аныктайт.

Судьянын отставкага чыгуусунун жана судьянын отставкада болушун токтотуунун маселелери Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан жогору көрсөтүлгөн Жободо жана Судьялар кеңешинин Регламентинде каралган тартипте каралат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 12-декабрь