Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддордун укуктук статусун аныктайт, аларды уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрүн белгилейт.

Бул мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан түзүлгөн Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун ишин жөнгө салбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  алты  ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 13-декабрь