Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын  Жарандык процесстик  кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  2013-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам тараптын доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн (ЖПК 140-статьясы) бейтарап териштирүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн орнотууга багытталган, ошондой эле бейтарап соттун чечиминин аткарылышын камсыз кылууну тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын  Жарандык процесстик  кодексине  өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошену менен бирге, ЖПК доону камсыз кылуу  боюнча бейтарап териштирүүнүн тарабынын арыз берүү эрежесин камтыган 141-1 статья менен толукталды.

Ошондой эле аткаруу баракчасын алуу жол-жобосун жалпысынан тездетүүгө мүмкүнчүлүк берген, бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүүгө же  аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу боюнча соттун аныктоосуна даттануу мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган ЖПК 424 статьясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 17-декабрь