Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өлкөнүн бир катар кодекстерин жана мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтордун иштөө мөөнөттөрү узартылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин Данияр Нарымбаев кол койгон буйрукка ылайык, эксперттик жумушчу топтордун иштөө мөөнөттөрү 2014-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

Бул чечимди кабыл алууда сот адилеттигин жүргүзүүдө процесстик жана башка укук ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун даярдоонун кыйла көлөмдүү экендиги, ошондой эле алардын жоболорун, анын ичинде укуктугун чектеш жактарын сапаттуу жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы эске алынды. Ошондой эле жумушчу топтордун иштөө мөөнөттөрүн узартуунун максатка ылайыктуу экендиги тууралуу сунуштары эске алынды.

Мурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы буйругуна ылайык төмөнкү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жосундар жөнүндө кодексинин;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин;

- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин;

- “Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын судъяларынын жоопкерчилигин жогорулатуу жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын.

2013-жыл 18-декабрь