Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

Толуктоолор «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилди.

Киргизилген толуктоолорго ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына, ошондой эле Жогорку Кеңеште чакырылгандарга жана аккредиттелген адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 18-декабрь