Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргызстан калкы ассамблеясынын статусу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча ишти андан ары системалаштыруу максатында, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө Кыргызстан калкы ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүү функциялары бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу бөлүмдөрдү зарыл болгон финансалык-чарбалык маселелерди чечүү менен түзүү сунушталды.

Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо маселелеринде  мамлекеттик органдар менен этностук маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү органдын статусу берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2013-жыл 19-декабрь