Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетикалык системасынын эң проблемалуу секторлоруна ири инвестицияларды тартуу боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарга кол койду

Бүгүн, 2013-жылдын 23-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн  энергетикалык системасынын эң  проблемалуу секторлоруна ири инвестицияларды тартуу боюнча макулдашууларды ратификациялоо  жөнүндө  мыйзамдарга кол койду.

Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык багытты ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамды жана «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит - Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Аталган макулдашууларга жетишүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  өлкөнүн энергосистемаларынын эң проблемалуу секторлоруна чет элдик ири инвестицияларды тартуу зарылчылыгы менен негизделген. Жаратылыш газы, жылуулук жана электр энергиясы менен Кыргызстандын калкын камсыз кылуудагы, айрыкча кыш мезгилиндеги үзгүлтүктөр  Кыргызстандын энергетикалык эгемендигинин жоктугун далилдеп, коомчулуктун  катуу нааразычылыгын жараткан. Бул тармактагы жагдай көп жылдан бери кардиналдуу чечим кабыл алууну талап кылып келген.

Макулдашууга ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоого тартылган  инвестициянын суммасы 386 млн. АКШ долларын түзөт. Бишкек ЖЭБу баш калаанын  түйүндүү, стратегиялык жана социалдык багыттагы ишканасы болуп саналат.

Газтранспорт тармагына стратегиялык ири инвесторду тартуу тууралуу макулдашуу Кыргызстанга 655 млн. АКШ долларын алып келет жана 2013-2014-жылдардын  кыш мезгилин өлкөбүз үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылууга багытталган. Тилекке каршы бул маселенин тегерегинде ашкере саясатташуу жана популизмдин көрүнүштөрү макулдашууну кыйла кечеңдетүүгө алып келди. Ошого байланыштуу быйылкы жылдын кыш мезгилинде жаратылыш газын үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча бир топ кыйынчылыктар болушу ыктымал.

Табигый газды  Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында курулуштун перспективалуу планына ылайык, россиялык тарап жумшаган инвестициялар  төмөндөгү максаттарга  багытталат:

- узундугу 112 км келген 1001кмден 1113 кмге чейинки Чүй облусундагы  магистралдык газтүтүгүнүн II бутагынын курулушу;

- узундугу 91 км. келген Бишкек-Кант-Токмок магистралдык газтүтүгүн алмаштыруу;

- Бишкек ш., Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы  иштеп жаткан газ түтүктөрүн реконструкциялоо жана жаңыдан газдаштыруу;

- узундугу 315 км келген Майлуу-Суу шаарынан Баткен облусуна  чейин магистралдык газтүтүгүнүн курулушу;

- узундугу 92,8 км келген Аманбаев айылынан Талас шаарына чейин магистралдык газтүтүгүнүн курулушу;

- узундугу 550 км. Келген Токмок-ысык-Көл магистралдык газтүтүгүнүн курулушу;

- компрессордук басымды жеткирүү станциясы менен «Майлуу-Суу» жер алдындагы газды сактоочу  жайды кайра калыбына келтирүү.

«2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын тексти >>>.

«2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит - Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын тексти >>>.

2013-жыл 23-декабрь