Кыргыз Респубикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген маегинин стенограммасы

Кубат Оторбаев:
Менде бир нече суроо бар. Биринчи суроо, 12-ентябрда жаңы Ѳкмѳт парламент алдынды, эл алдында ант беришти. Анан Бабановдун Ѳкмѳтү боюнча. Биринчи суроом ошондой болот. Ѳкмѳт, экономикада абал оор болгон үчүн кетти деп ойлойсузбу же ошол парламенттин ичиндеги жанагы айрым бир күчтѳрдүн каалоо-тилектери, айрым бир муктаждыктар ишке ашпай калган үчүн интригалардын аркасында Ѳкмѳт кетти деп ойлойсузбу?
Алмазбек Атамбаев:
Менимче баардыгы кошул-ташыл болуп кетти. Анын үстүнѳ жаштык дагы кылып койду, мүмкүн.
Кубат Оторбаев:
Мына жаңы Премьер-министр келгенден кийин ошол учурда парламенттеги талкуу учурда мындай пикирлер айтылды: эми Президент баардык жоопкерчиликти ѳз моюна алыш керек. Анткени Президент да Социал-демократтар партиясынан чыккан ошону негиздеген киши. Азыркы Тѳрага Социал-демократтар партиясынан, Жантѳрѳ Жолдошевич дагы ал партияга кайдыгер эмес. Демек, бир партия бийликти монополдоштуруп атат деген бир пикирлер айтылып жатат. Сиз буга эмне дейт элеңиз?
Алмазбек Атамбаев:
Ким Спикер болсо дагы, ким Премьер-министр болсо дагы, албетте, Президент жоопкерчиликтүү ар бир нерсеге. Ошондуктан мен эч качан шылтоо издебейм же жоопкерчиликтен качпаймын. Мен мамлекет башчымын, мен баардык нерсени, албетте, четтен карап туруп алсам болбойт. Мен түшүнүп турам жоопкерчиликти.
Кубат Оторбаев:
Анан Ѳкмѳт…
Алмазбек Атамбаев:
Бирок, дагы бир жолу кайталайм. Азыркы Премьер-министр эч бир парламентте отурган партиялардын ичинде жок. Мен да ѳзүнѳн сѳз алгам, Премьер-министрликтен бир күнү кетсе дагы, “парламенте отурган беш партиянын бирѳѳсүнѳ кирбейм” деп сѳз берген.
Кубат Оторбаев:
Азыркы Ѳкмѳт оор учурда иштеп жатат. Жантѳрѳ Жолдошевич Сатыбалдиев да ѳзү келгенде айтты бюджет куржалак экен деп. Таңкыстык 23-25 миллиард сомдун тегерегинде. Абалдан кантип чыкса болот деп ойлойсуз, дегеле экономикадагы жагдайга кандай баа берет элеңиз?
Алмазбек Атамбаев:
Эми, минтип айтаар элем. Чындыгында бюджеттеги таңкыстык кѳпчүлүгү жабылган, эки эле тобокел бар, бул жанагы тышкы эки уюмдан келе турган кредит келбей калышы мүмкүн. 30 миллион доллар Дүйнѳлүк банктан келбей калышы мүмкүн, 20 миллион доллар АБРден келбей калышы мүмкүн. Ал таңкыстыкты жабыш үчүн чогултуп жаткан салык менен жыйымдарды кѳбѳйтүш керек. Экинчиси жакшылап карап чыгыш керек да бир жолу. Мүмкүн бир Кудай дагы мүмкүнчүлүк берип жатабы, карап чыккыла, кереги жок бир ысыраптар барбы, командировочный, транспорт чыгымдарда. Бир топ кереги жок, мүмкүн имараттар, машинелер алынып атабы. Албетте, биз дагы бул ишке киришип атабыз. Мен дайыма бюджетти карайм, Жапаров болобу, Лаврова болобу, бюджет дайыма менин столумда турат. Мен да мына ачык айтайым, эртен Түркияга кетип атам. Ушул АБР менен Дүйнѳлүк Банктан башка түрктүн да кредити кечеңдеп жатат. Эртен барып чечип келейин деп жатам. Ушул бир жуманын ичинде ал маселени да карайбыз. Кудай буюрса эч кандай коркунуч болбойт. Кудай бѳѳдѳ кырсыктан сактасын. Бюджет, албетте жыргата турган бюджет эмес. Экономикабызга, мамлекетибизге жараша. Мындай бюджет, албетте, Кыргызстанда болбош керек, мындай дефицит болбош керек. Келечекте мунун баарынан буюрса арылабыз.
Кубат Оторбаев:
Өткѳн жумада Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетти. Анын учурунда бир топ келишимдерге, жакшы келишимдерге кол коюлду. Алардын бири -Кыргызстандын Россиянын алдындагы карыздары боюнча. Бир топ карыз кечирилип жатат. Анан экинчиси мына Камбар-Ата баштаган бир топ ГЭСтерди куруу боюнча келишимдерге кол коюлду. Ордуна ушул жанагы Оруссиянын Кыргызстандын аскер аба базаларынын бекемдеген келишимге кол коюлуп атат да. Мындай алака-бериштин ушул жагына акцент кылса болобу?
Алмазбек Атамбаев:
Анда ачык сүйлѳшѳлүк. Ошол эле базадан баштасак. Мына, Бакиев менен Медведев кол койгон меморандум бар, орустун базасы боюнча, керек болсо кагазы жанымда болуш керек. Азыр бул документ басма сөзгө чыгып кеткен, жашыруун деле эмес болуп калды. 2009-жылы 1 августта кол коюлган Чолпон-Атада Бакиев менен Медведев. Бул меморандум боюнча орус базасы Кыргызстанда 49 жылга калып, автоматтык түрдѳ 25 жылга узартылмак, 74 жылга калмак. Биз албетте, мен ойлоп турам, Кыргызстандын кызыкчылыгын алдын ала алып туруп, 15 жылдык макулдашуу түздүк. Азыркы иштеп аткан 15 жылдык келишим бүткѳндѳн кийин, беш жылдан кийин күчүнѳ кирет. Экинчиси, келишимди түзүп жатканда, жаңы нерселерди киргиздик. Мына, аны дагы ишенбегендер үчүн окуп берейин, жашыруун экен деп жатышпайбы. Мисалы мындай жаздык, орустар да кол коюп беришти – “Воинские формирования объединенной Российской военной базы обеспечивают совместно с Вооруженными Силами Кыргызской Республики защиту суверенитета и безопасности Кыргызской Республики”. Мындай пункт жок болчу мурункусунда. Бул келишим негизи Кыргызстанга керек. Келечек деген мына 15-20 жылдын ичинде биздин армиябыз, Куралдуу Күчтѳрүбүз бутка туруп кетет буюрса. Бирок ага чейин бир балээ башталса, бирѳѳ бизге жардам бериш керек да. Бул келишим бизге керек. Мисалы, ошол эле Японияда Америка менен келишим бар, бизге бирѳѳ кол салса жардам бересиңер деген. Американын базасы бар, билесиңер. Мисалы ошол эле Японияда 2003-жылы ошол Американын базасын кармаш үчүн 4,5 миллиард доллар каражат кетирген. Түштүк Корея ошол эле 2003-жылы Американын базасын кармаш үчүн 843 миллион доллар кетирген. Анткени ѳздѳрүнүн коопсуздугу үчүн керек. Чындыгында бул база азыр бизге керек. Азыр Кыргызстан Куралдуу Күчтѳрү жакшылап бутуна тура элек. Эми керек болсо дагы бир нерсе айтайын. Айрымдар бакылдап атат, болгону орустар 4,5 миллион доллар тѳлѳйт экен деп. Биринчиден, Кудай сактасын, бирок согуш болуп кетсе, биз менен кошо бизге согуш ачкандарга каршы - террорист болобу, мамлекет болобу, орустар кошо согушат. Экинчисинен, бир дагы пункт бар “Российская сторона будет осуществлять содействие в обеспечении Вооруженных Сил Кыргызской Республики современным и совместимым вооружением, военной и специальной техникой.” Бул да абдан бир чоң кѳлѳмдѳ техника келет дегенди түшүндүрөт. Анткени бизге мына алдыбыздагы 5-10 жылдын ичинде ѳзүбүздүн армияны куруш керек. Бирѳѳгѳ ишенбей ѳзүбүздү ѳзүбүз коргогондой болуш керек. Бирок ага чейин жаныбызда бир чогуу тура турган, орток дос керек да, ачык айтканда. Ошондуктан бул келишим, эгерде аскердик базаны алсак, бизге керек. Аны түшүнүш керек, оюндарды да токтотуш керек. Мурунку келишимдерде оюндар бар болчу, анын баарын биз жоготтук. Жаңы пункттарды киргиздик. 74 жылдын ордуна 15 жыл деп киргиздик. Ошол 74 жылга кол коюлуп атканда тымпыйып отургандар эми бакылдап атат. Ошол эле карызды алсак. Акаевдин заманындагы 189 миллион доллар карыз кечилип атат, Бакиев алган 300 миллион доллар карыз кечип атат. Бул карыздарды биз 30 жыл тѳлѳмѳкбүз. Эсептеп чыктык 30 жылдын ичинде жалаң эле проценти 110 миллион доллар болмок экен. 110 миллион доллар жалаң процент тѳлѳмѳкбүз. Ушунун баарын кечип атабыз. Анан туура эмес болуп калды дегендерге айтаар элем, мына Бакиев кол койгондо ошол эле Медведев менен 189 миллион эле кечирмек болгону, азыркыдай жарым миллиард эмес. Анын үстүнѳ биз “Дастанды” бермекпиз. Билесиңер, жанагы орустардын азыркы соода өкүлчүлүгү отурган имарат бар. Мурунку ѳзүнүн элчилиги да, шаардын ортосунда, аны бермекпиз. “Дастан” менен ошол имарат да бизге калды. Бул жагынан, дегеле баардык жагынан Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп калдык. Путинге рахмат, колдоп берди. Ошол эле ГЭСтерди алсак. Аны дагы айтып атпайбы, туура эмес болду, тиги бу деп. Эми мындай. Кыргызга бир кайгыра турган нерсе бар – кѳралбастык деген бар, ичи тардык деген бар. Макул, дагы курбай туралык, баарын токтотолук. “Кумтѳр” болобу, ГЭС болобу, завод фабриканы токтотолук, ошонун баарын иштетпей атып ушул акыбалга келбедикпи. Эчтеке, бир тыйын салбай атып, ошол эле ГЭСтердин 50% биз алабыз. Дагы эмне керек, бир тыйын бербейбиз.
Кубат Оторбаев:
Алмаз Шаршенович, ушул ГЭСтердин курулушу реалдуубу, анткени мѳѳнѳтү аныкталган жок деген пикирлерди айтып жатышат?
Алмазбек Атамбаев:
Ошол айтып жаткандар үчүн мындай деп жооп берет элем. “С даты подписания соглашения ТЭО проекта должно быть осуществлено не позднее 3 месяцев, а разработка не должна превышать 5 месячного срока” деп орустар кол коюп берди. Мындайча айтканда, февральда ТЭО деген бүтѳт. Март-апрелде Верхне-Нарынский каскад 4 ГЭСти салып баштасак болот, бир бирден. Албетте, кышка карата ал кичине кечирээк болот. Биз да коңшуларды кѳндүрүп баштасак, бул силерге керек деп аларга түшүндүрсөк. А чындыгында баардыгы кол коюлган, каралган. Эгерде мурунку келишимде так эмес нерселер жазылса, азыркы келишимдерде ар бир нерсе так жазылды. Кыргызстандын бир тыйыны кетпейт, бир тыйын кетпей бизге лѳкүйгѳн бир ГЭСтерди салып берип, анан 50 % беребиз деп атса, ага дагы ыраазы эмеспиз. Анткени бизге эчтеке жакпайт экен. Бизге ушул Кыргызстан талкаланып турса, кѳчѳлѳрдѳ митингдер жүрсө, ишканалар жабылып турса жагат окшойт. Чынында кээ бирде кайгырасың. Катуурак айтып алдым, бирок ѳнүгѳм деген мамлекет, мына карабайсыңарбы Казакстан болобу, Россия болобу, Турция болобу, Кытай болобу иштетип атат кең байлыктарын. Суусун иштетип атат, болгону ѳздѳрү кредит алып, кыйналып. Биз болсо мына, Кудайга шүгүр, урматтуу Путин саясий эркин кѳрсѳтүп, баардык келишимдерде биздин кызыкчылыктарды коргоп берди керек болсо. Ошондуктан биз эми Кудайга шүгүр деп турсак болот эле. ГЭСтер салынса он миңдеген жүз миңдеген иш орундар ачылат. Дагы бир башка ГЭСтер салынат. Анткени казактар салам деген ГЭСтер бар, кытайлар салам деген ГЭСтер бар. Кудай буюрса мына иш издеп кѳрүнгѳн жерге иш издеген балдарыбыз кайра келип, жок дегенде бияктагылар кетпей калат. Кыргызстан кайырчы болбой, бекерчи болбой иштеш керек.
Кубат Оторбаев:
Алмаз Шаршенович, анан Ѳзбекстандын Президенти Ислам Каримов Астанага барган учурда айтты, ошол коңшулар ушундай ири долбоорлорду баштаардан мурда ошол дарыянын тѳмѳн жагында турган мамлекеттердин да кызыкчылыктарын эске алып койсо болот эле деп. Бул эми Тажикстан менен Кыргызстанга карата айтылган сѳз. Ошол эле убакта Казакстан менен Ѳзбекстанды аларга каршы койгондой сѳз болду. Сиз эмне дейт элеңиз ушул маселе боюнча?
Алмазбек Атамбаев:
Бул маселе боюнча мына билесиздер, Нурсултан Абишевич Назарбаев келип кетпедиби, аксакалыбыз Орто Азиянын. Ал киши менен сүйлѳштүк. Ал туура көрдү. Мен айттым силер деле киргиле бул долбоорго, мына Россия 50% менен бѳлүшѳм деп атат казактар менен, керек болсо ѳзбектер менен, киргиле чогуу куралык дедим. Анткени, бул чындыгында ушул бул Камбар-Ата-1 долбоорун Ташкенттеги гипропроект деген НИИ түзгѳн, Ташкентте отуруп совет доорунда. Бул негизи Камбар-Ата-1 курулгандан кийин, мына биз кышында суунун баары дүркүрѳп агып кетип жатпайбы, ошол кышында кеткен суу Камбар-Атадан кетип Токтогулдан сакталып калат. Жазында ошол казак менен ѳзбектерге бере алабыз сууну. Бул чындыгында аларга абдан керек. Албетте, чоочулап жаткандарын да түшүнүп жатабыз. Бирок айтып жатабыз жол ачык, келгиле, иштешелик бирге, биз эчтеке катпайбыз, баардыгын ачык-айкын жасайбыз деп. Биринчиден ачык-айкын жасайбыз, экинчиден биз дагы ѳзүнчѳ эгемендүү мамлекетпиз.
Кубат Оторбаев:
Алмаз Шаршенович, анан ошо ГЭСтерди куруу боюнча дагы бир нерсе бар. Башкаруу 50% болбодубу мен түшүнгѳнүмдѳн. Анан ошол кийин баягы “Кумтөрдогүгө” окшоп башкаруу ошол Москва тарапка ѳтүп кетип, Борбор Азиядагы жанагы ошол суу саясатын Бишкек эмес, Москва жүргүзүп калбайбы деген коркунучтар бар. Ошондон коргоочу механизмдер келишимде кѳргѳзүлгѳнбү?
Алмазбек Атамбаев:
Албетте келишимде кѳргѳзгѳнбүз баардыгын. Мына салынган акча ѳзүн актаганча 10-15 жыл болобу 20 жыл болобу, албетте кошумча дагы бир 20-25 % беребиз. Бирок айтып жатпаймбы, ошол эле Камбар-Ата -1 жалаң эле Россия болбойт, казактар киребиз деп атат, аларга орустар дагы макул болуп жатат. Башкалар кирет, чогуу иштешебиз да. Негизи коңшулар менен ынтымакта жашаш керек, ынтымакта болуш керек. Бизге эч кандай согуш кереги жок. Бизге тынчтык керек. Биз ошол долбоордун баарынан биринчи кезекте элибизге иш беришибиз керек. Мамлекеттин казынасына акча толтура кириш керек. Мына азыркыдай ушул 50 миллион доллар келбейт калат деген кайгырбашыбыз керек келечекте. Анткени мына бир нерсе айтайын, мүмкүн мен үчүн абдан ѳкүнүчтүү да, ошол эле жакында 50 миллион долларга Питердеги футболдук “Зенит” деген команда 2 футболчу сатып алды. Бизде болсо мына мамлекеттик бир маселе болуп атат да. Кыргызстан мындай жакыр болбош керек. Кыргызстан байлыгын иштетиш керек, бакылдап эле кыйкырып жүрѳ бербей иштеш керек, иштей турган мезгил келди. Биз 22 жылга баарынан артта калдык, баарына жетиш керек.
Кубат Оторбаев:
Кийинки суроо, мына коррупцияга каршы күрѳштүн алкагында айрым министрлерге, депутаттарга кылмыш иши козголду. Мына жакында депутат Туратбек Мадылбековдун баласы, прокурор болуп иштеген бала экен, ошол камакка алынды. Ошого улап, ошол иштин алкагында оппозициялык фракциянын лидерлеринин бири Садыр Жапаровго дагы ошол Башкы прокуратура тарабынан кол тийбестигинен ажыратуу боюнча сунуш келип түштү. Бирок Садыр Жапаровго, азыр камакта отурган Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иштеринин баардыгы оппозициялык маанайдагы адамдарды куугунтуктоо деген пикирлер айтылып жүрѳт. Бир депутат болсо айтты ушул депутатардан түрмѳдѳ отургандыгы нонсенс деди. Сиздин пикириңиз кандай?
Алмазбек Атамбаев:
Биринчиден, мен ойлоп турам депутаттын түрмѳдѳ отурганы нонсенс эмес, ошол түрмѳдѳ отурган, керек болсо элин талаган, уурдаган адам депутат болуп отурганы нонсенс. Анан парламентте отургандын баары эле аппапак деп, мен айта албайм. Жалаң эле Түлеев же Садыр Жапаров эмес, жанагы Мадылбековдун уулуна, дагы бир нече депутатка иш козголсо мен таңкалбайм. Менимче эл деле таңкалбайт. Мына азыр деле Садыр Жапаров билесиздер айтып атат “бул куугунтук, мен Кумтѳр маселесин кѳтѳргѳн үчүн болуп атат” деп. Эми чындыгында мындай. Кумтѳр маселесинин тагдыры 2009-жылы чечилген. 2009-жылы кол коюлуп, 2009-жылы парламенттен ратификация болуп, 2009-жылы керек болсо Кыргызстандын конституциялык сотунун чечими чыккан “бул келишим туура” деп. Бардык жагынан мындай жакшылап туруп тазалап койгон, кынтыксыз кылып. Азыр ал келишимди оңдош абдан кыйын болот, анткени Кыргызстандын парламентинин чечими бар. Кыргызстандык Конституциялык сотунун да чечими бар, керек болсо 2009-жылдагы. Эми Садыр Жапаровду алсак. Мына, Садыр Жапаровдун иштеген жерлерин алсак, 2008-2010 жыл апрелге чейин Национальное агентство по предупреждению коррупции дегенге коммисар болуп иштептир. 2008-2010-жылы коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча ѳзгѳчѳ бир эң башкы органды башкарып отуруптур, коммисар болуп. Дал ушул Кумтѳрдүн иши бүткѳндѳ, ошол 2008-2010-жылы Кыргызстанда коррупция гүлдѳбөдү беле, билесиңер...  Чегинен ашып кеткен керек болсо. Мына Энвальт деген адам Швециядан докторлук диссертациясын бекитпедиби 2008-2009-жылы Кыргызстанда коррупция мамлекетти башкаруунун бир ыкмасы, жолу болуп калды. Ошол мезгилде коррупция менен күрѳшѳ турган агентчиликти башкарып жаткан адам кайда жүргѳн? Эмнеге азыр прокуратура куйругунан кармаганда дароо оппозиция болуп атат?. Мен Кудайдан башка эчтекеден коркпойм, эгерде былык иштери бар болсо, ким болсо да, ачык айтайын, жоопкерчиликке тартылат, эртели кечпи. Мына бир топ материалдар, докуметтер кѳмүлүп, жабылып калган акыркы жылдары. Баарын кѳтѳрѳбүз. Мамлекеттен уурдаган адам тѳлѳп берсин мамлекетке. Ошол эле Түлеев боюнча сот чечим чыгарса уурдаган деп, менимче, Түлеев ошол акчаны мамлекетке тѳлѳп берсин. Элибизге кайрып берсин. Албетте соттун чечими болуш керек. Эл ѳзү чечсин, кыйкыргандарды угабы же чындыкты кѳрѳбү, далилделди кѳрѳбү, документтерди кѳрѳбү. Менимче Кыргызстан тазалана турган мезгил келди. Депутат болобу, министр болобу, Премьер болобу, Спикер болобу, Президент болобу, мыйзамдын алдында жооп бериш керек. Мыйзамга баш ийиш керек. Жѳнѳкѳй адамдан баштап, Президентке чейин мыйзамдын алдында жооп берип керек.
Кубат Оторбаев:
Мына ушул коррупцияга каршы күрѳштѳ күч органдары, милиция, улуттук коопсуздук комитети, прокуратура баш болуп баары эле күрѳшүп, кылмыш ишин козгоп камачусун камайт. Анан сотко жеткенде эле кѳп иштер баягы аягына чыкпай учурлар болгон. Мына жакында соттор ант беришти, парламенттин элегинен ѳттү. Ага чейин мына Сиз 7 судьянын соттун ишин материалдарын кайра сотту тандоо кеңешине кайтарып бердиңиз. Башка кишилер да бар болчу, эмне үчүн ушул 7 сотко гана токтолдунуз? 
Алмазбек Атамбаев:
7 талапкер боюнча документтерин кайра бергеним, ал үчүн албетте негиздер бар, ѳзгѳчѳ негиздер бар, ошондуктан алардын талапкерликтеринин документтерин кайра кайрып бердим.
Кубат Оторбаев:
Конституциялык палатанын судьяларынан талапкерлигине Азимбек Бекназаров дагы бар. Ал кишини да ушул Сиздин атыңыз менен байланыштырып жатышат, ушул жардамдашып атыптыр, ѳткѳрүп атыптыр деп...
Алмазбек Атамбаев:
Эми, минтер элем да, мен жѳнүндѳ кандай гана ушак айтылбады. Мына мен жѳнүндѳ уккан ушактарын мага урматтуу Назарбаев, Путин айтып берген. Ѳзүм таңкалдым, алар да таңкалды. Ал эми Бекназаровдун тагдыры ѳзүнүн колунда. Сыноодон ѳтсѳ, андан кийин мен сүйлѳшѳм, менден кийин парламент бар. Кудайдын колунда анын тагдыры деле. Бардыгын эле Президентке жүктѳй берсеңер болбойт го. Мен ошол эле талапкерлерди тандап жаткан кеңешке, комиссияга айткам, “ѳзүңѳр чечкиле” деп. “Өзүңѳр чечкиле, мен кийлигишпейм” дегем. Мезгил баардыгын кѳрсѳтѳт, баардыгын Кудайга койдум.
Кубат Оторбаев:
Анан акыркы суроолордун бири ушул парламенттин иши боюнча. Азыр ѳзүңүз жакшы билесиз, Бабановдун Ѳкмѳтүнүн кетиши жана жаңы Ѳкмѳттүн келиши менен айрым министрликтер, айрым комитеттер кайсы бир фракциялардын менчигиндей таасир калтырып атат. Анан ошол эле парламентте болгон сѳздѳр талкуулар дагы кѳргѳзүп атат. Ошол министрлер же комитет тѳрагалары же фракция жетекчисин угаарын билбей же парламенттин, Премьер-министрдин сѳзүн угаарын билбей баштары айланып турганы учур. Парламенттин ѳзүнүн ишине кандай баа бересиз? Жакын арада парламент иштей береби же парламенттин дагы ушул тарай турган күнү жакындап калдыбы?
Алмазбек Атамбаев:
Алсак,2010-жылга караганда, 2011-жылга караганда парламент кыйла ѳзгѳрдү. Мына мурункудай киришпей, азыраак киришип баштады. Барган сайын мен да парламенттен ачык айттым “Ѳкмѳттү басып албагыла, сот менен прокурор болбогула, парламенттин иши мыйзам чыгаруу” деп. Мен ойлоп турам парламент да бара-бара оңолуп баратат, жакшы иштеп баратат. Албетте, кыңыр иштери чыгып, иш козголуп жатканда чыйы-пыйы чыгып жатат. Бирок парламенттин кѳпчүлүгү иштей турган таза депутаттар. Парламентти тарата турган эч кандай негиз жок. Анын үстүнѳ азыр парламентти таратып шайласак кайра эле ушундай эле парламент келет. Эмнеге 3 жыл кое туруш керек деп жатам? Анткени ушул алдыбыздагы 2-3 жылдын ичинде эл түшүнѳт, саясатчылар түшүнѳт. Мисалы парламентке барсам деле ууру болсом камалат экемин деп түшүнѳт, биринчиден. Экинчиден 2-3 жылдын ичинде элибиздин турмушу оңолуп, Кудай буюрса, ыйман деген нерселер кѳтѳрүлүп атат. Элибиздин пейили оңолуп, 2-3 жылдын кийин шайлоого барганда элибиз ѳзүнүн келечек тагдырын беш бармакка, аракка же 1000 сомго, 500 сомго сатпайт деп ойлоп турам. Ошондуктан “Сабырдын түбү сары алтын” деп бекеринен айтылган жок да. Бул парламент менимче мѳѳнѳтүнүн аягына чейин иштеш керек. Ал эми Ѳкмѳт алмашкан сайын бир оюндар кетпеш үчүн биз атайлап 5 жылдык бир программа даярдап атабыз. 5 жылга бир дорожная карта түзүп берейин деп жатабыз. Мисалы 2012-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-декабрына чейин экономикада эмне болуш керек, сотто эмне болуш керек, парламентте кандай мыйзамдар ѳтүш керек. Негизи Кыргызстандын келечеги кандай болуш керек. Кыргыз коомчулугу, саясатчы болобу, карапайым адам болобу, 5 жылдын ичинде Кыргызстан кандай болуш керек. Кудай буюрса ушундай бир картасын түзүп беребиз. Ошондо кайсы Ѳкмѳт келсе дагы ошол карта менен кете берет. Система болот, анткени ал картаны алып, эртен Швейцария болобуз деп жазбайбыз. Боло турган нерсени гана болот деп жазабыз. Негизи Кыргызстан үчүн эң керектүү нерсе бул, албетте, туруктуулук. Туруктуулук керек, иштеш керек, иштей турган заман келди. Азыр иштесек эле Кыргызстан кѳтѳрүлүп кетет. Бийлик талашкандар үчүн деле, эми шайлоолор болот. Шаардык кеңеш, айылдык кеңештерге шайлоо болот. 2-3 жылдын кийин Жогорку Кеңешке шайлоо болот, анан Президенттик шайлоо болот. Жулунбай турсун, Кыргызстанга азыр тынчылык керек, иштеш керек. Кыргызстан жакыр ѳлкѳ болбош керек. Кыргызстандын потенциалы абдан чоң, ошондуктан бизге азыр мына иштей турган заман келди.

27-сентябрь, 2012-жыл
Басып чыгаруу