Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин КТРКга 2013-жылдын 11-мартында берген интервьюсунун стенограммасы

Кубатбек Оторбаев:

-Саламатсыздарбы, урматтуу теле көрүүчүлөр! Бүгүн сиздердин назарыңыздарга КР Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев менен болгон маекти сунуштайлы деп жатабыз. Саламатсыздарбы! Алмаз Шаршенович, биринчи суроом ушундай: Эл арасында “Кыргызстанда ушундай байлыкка ээбиз, бирок начар жашайбыз” деп айткан пикирлер дагы эле болуп жатат. Мамлекет башчысы катары Сиз буга кандай жооп айтар элеңиз?

-Биринчиден, жыргап кетти элибиз деп айтсам болбойт. Элибиздин турмушу дагы эле оор. Бирок байлыкка ээ болуш аз да, ошол байлыкты ишетиш керек, экинчисинен. Үчүнчүсүнөн, мына 2-3 эле маалымат айтып коёюн: 3 жылдын ичинде Кыргызстандын экономикасы кандай болду, болбой эле революция болду. 10-жылы июнда кан да төгүлүп кетти. Бир топ чыгашалар болду. Дүйнөдө да көрүп атасыңар, кризис болуп жатат. Керек болсо өнүккөн мамлекеттер кыйналып жатат пенсияларын кыскартып, маянасын кыскартып... Кыргызстанда эмне болду, 3 жылдын ичинде? 3 жылдын ичинде Госкомстаттын эле маалыматтарын алсак. Мына 3 жыл мурун орточо пенсия көлөмү 2131 сом экен, азыр 4070 сом болуптур, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча. Дээрлик эки эсе өскөн орточо пенсия. Эгерде маянаны алсак, 6161 сом болсо 3 жыл мурун, азыр орточо маяна 10566 сом. Бу да дээрлик эки эсеге жакын өскөн. Ошол эле мамлекеттик бюджеттин кирешесин алсак, эгерде 3 жыл мурда 55 млрд болсо, мына өткөн жылдын жыйнытыгы  боюнча 87 млрд сом. Бир жарым эседен көбүрөөк өскөн. Билесиңер, өткөн жылы Кумтөр иштебей турган, ошон үчүн анча өспөй калды. Ошол эле биздин ички дүң продуктыны алсак, ал деле ушул 3 жылдын ичинде кандай кыйынчылык болсо дагы 1,5 эсе өскөн. Мына, эчтекеге карабастан дагы бир көрсөткүч бар да, сом менен долларды карасаңар, анча өзгөрүш жок деп айтсак болот. Ошол эле Белоруссияда Президенттик шайлоодон кийин өздөрүнүн валютасы эки эсе түшүп кеткен. Бизде революция болуп атат, чыр-чатак болуп атат. Кан төгүлсө да андай болгон эмес, болбой эле Кыргызстан көтөрүлүп баратат. Бирок өзүң сөздүн башында айткандай, ушунча байлыкка ээ болуп туруп, мындай кедей жашап жатканыбыз, ошол байлыкты иштетиш керек. Туура иштетиш керек, элдин пайдасына иштетиш керек.

-Мына, саналуу күндөрдөн кийин биз Аксы окуясын эскеребиз, андан тышкары мына 7-апрелдин 3 жылдыгы да жакындап келатат. Ушуга байланыштуу акыркы 3 жылда бийлик жетишкен нерселер деп азыркы Сиз санаган нерселерди айтсак болобу, же мындан тышкары да кандайдыр бир мактана ала турган фактылар барбы?

-Кээ бир эле нерселерди салыштырып көрсөк. Эл көп нерсени бат эле унутуп коёт. Адам ушундай жаралган, көп нерсени бат эле унутуп коёт, ошон үчүн мүмкүн жашайт. Мен ошон үчүн кээ бир нерселерди силерге эскертким келет. Мына журналисттерди алсак, ошол өткөн режимдин акыркы жылдарында өлтүрүлгөн журналисттер: Алишер Саипов, Геннадий Павлюк, сабатылган Сыргак Абдылдаев, Турат Бектенов. Сыргак Абдылдаевге билесиңер, 21 жолу бычак менен урушкан. Качып кеткен журналисттерди өзүң деле билесиң: Чолпон Орозобекова, Бермет Букашевалар болуп, канча саясатчылар кеткен. Ошол эле жылдарды алсак, ошол 24-марттан кийин эле апрелде мына белгилүү Үсөн Кудайбергенов өлтүрүлдү. Анан депутат Жыргалбек Сурабалдиев, депутат Баяман Эркинбаев, депутат Тынычбек Акматбаев, биздин призёр Раатбек Санатбаев 2006-жылы. Эгерде ошол эле 2006-жылды алсак, Руслан Шаботоев, ошол эле бир топ бийликтин заказын аткарылган Рысбек Акматбаев өзү да өлтүрүлгөн. 2009-жылды алсак, Медет Садыркулов, Сергей Слепченко, айдоочусу  менен кошо, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Болгондо да билесиңер, соттон көрсөтмө берилди, Жаныш Бакиев өзү кадимкидей зордоп, кыйнаган, эс-учун жоготкончо. Санжар Кадыралиев, депутат, төртүнчү. Ушундайларды биз унутпашыбыз керек. Ошол эле мына азыр, бакылдап атат, мына Жерүй үчүн биз өлүп беребиз деп. Мен эскертет элем, 2009-жылы ошол эле Таласка Роза Исаковна болуп бир топ биздин активисттер барганда, баары тымпыйып эле турбады беле. Ошондо Жерүй үч жүз сомго кеткен, билесиңер. Кеткенде ошол эле Максим Бакиевдердин колдоруна, Березовскийлердин, башкалардын колуна кеткен. Ошондуктан көп нерсени эстеп көрсөк, мына азыр билесиңер бардык нерсе ачык. Ачык айтылып жатат, бардыгы ачык каралып жатат, парламенттен. Эч кимди тыйган адам жок. Кандай маселе болсо дагы, мына азыр Кыргызстанда эркиндик бар. Ар бир маселени талкууласа болот. Бирок, тилекке каршы албетте, ушак, башка нерсе да кошулуп атат. Ошондо эле тымпыйып, ушу бийликти мактап чуркап жүргөндөр, азыр тим эле эл үчүн өлөм деп калп эле көкүрөгүн койгулап атат да. Ошону эстеп көрсөк! Макул, 7-апрель болбогондо, мына азыр светке 70 тыйын төлөп атабыз да. Ошондо билесиңер, 1,5-2 сомго алып барган, азыр эми 4-5 сом болмок! Же мүмкүн коңшуларга окшоп, 10 сом болуп кетет беле баасы. Аны да унутпасак! Кыргызстан башкача болмок. Бир топ нерсе ого бетер ит бекер сатылып кетмек! Ушул азыркы баатырларга, ошондо коён болуп отургандарга, Роза Отунбаева барганда кыянаттык кылып, керек болсо таш, жумуртка ыргыткандарга ошону эскертким келет.

-Мына апрель окуялары боюнча айтып калдыңыз. Апрель окуясы боюнча сот процесси үч жылдан бери жүрүп келатат да. Айтып коюш керек, бу сот процессинин өзүнө даярдалган жанагы материалдардын өзү, тергөө материалдары чийки деген да пикирлер бар. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, ошол сот процессине түздөн-түз күнөөлүү адамдардын айрымдары, албетте, кармалбай, сыртта жүрөт. А бул жердегилери болсо, акырындап, бир-бирден чыгып кетишти деп жатышат. Анан деги эле ушул “кылымдын процесси” деп айтып атышат, бул сот процессин. Кандай жыйынтыктаган атат, бийлик өзү?

-Мен сени түшүнүп жатам. Эл да ошондой ойлоп атат. Менимче сот процессин аягына чейин сот чыгарыш керек. Анан мурункудай, мына, көрүп атасыңарбы, кандай бийлик келгенин? Керек болсо, сот эмес сотсуз эле тигил адамды өлтүрүш керек, муну сабаш керек, муну кескилеш керек деп чечимдерди чыгарчу! Ошондой бийликтин бизге кереги барбы?! Мындан ары ар бир маселени сот карашы керек. Эгерде туура эмес караса Кыргызстанда аны айтып чыга турган адамдар бар. Бардыгы ачык болуп жатат. Ар бир сот процессинде телевидение отурат, журналисттер отурат. Эгерде мына тергөө убагында кемчиликтер кетсе, ал кемчиликтер айтылып атат. Туурабы? Бирок аягында чындык баары бир чыгат, баары бир чыгат! Мына мурда айтылчу макал “кыңыр иш кырк жылда чыгат” деп, азыр кырк жылда эмес эле, бир кырк күндө керек болсо чыгып атпайбы. Ошондуктан сабыр этели! Жаманбы, жакшыбы сот өтүп жатат, анан мен ойлоп турам, бир тыянакка чыгат. 

-Бийлик деп айтканымдын себеби, эл арасында дагы эле түшүнүк бар. Бийлик ошол, же Президент, же ушул Ак үйдө отургандар сотко түздөн-түз көрсөтмө берет, анан сот ошолордун айтканын кыңк этпей аткарат деген баягы стереотип бар дагы эле. Азыр айта алабызбы, соттор мындай эркин, таза иштеп атат деп? 

-Эми “көнгөн адат калабы?” деген деле бар да. Соттор таза иштеп атат деп мен айтуудан алысмын. 20 жылдык нерсени эки күндө же эки айда, эки жылда оңдош кыйын. Мен деле иштегеним, Президент катары, мына болгону бир жыл, эки ай болду. Муну да унутпасак. Бирок азыр, билесиңер, ошо Жогорку сотту деле атайылап комиссия тандап жатат. Мына кээ бирөөнү мен өткөрбөй жатам. Керек болсо кайрадан өздөрү өткөрүп атат. Алар өткөргөндү кээ бирөөсүн мен өткөрбөй атам. Казыр мурункудай жок да. Көрүп жатасыңар, бардыгы ачык-айкын!

-Бирок ошол Сиз өткөрбөй атканга, Жогорку Кеңештин элегинен өтпөй атканына объективдүү алардын үстүнөн маалыматтар бар. Кетирген кемчиликтердин негизинде өтпөй атат да. Ушуну айтып коюш керек.

-Албетте! Мага ар түрдүү маалыматтар келет, текшертип жатам. Бирок маалыматсыз эле “сенин көзүң жакпайт, же кийингениң жакпайт” деп өткөрбөй койсок болбойт да! Биз мыйзамга баш ийишибиз керек.

-Кийинки бир суроо Бишкек шаарынын мэри тууралуу. Иса Шейшенкулович Өмүркуловдун айланасында көп пикирлер айтылып атат.  Биз азыр интервью сүйлөшүп жаткан маалда шаар кеңеши чогулмак. Деги эле Сиз кандай пикирдесиз, ушул Иса Шейшенкуловичтин ишмердүүлүгүнө, анан айтышты, өткөндөгү маалымат жыйынында ал киши боюнча Сиз  пикириңизди билдиргенсиз. Анан дагы эле коргогонго даярсызбы ал кишини?

-Мындай да. Мени коргоду деп мындай туура эмес мүмкүн түшүнүп калды, же мен туура эмесирээк түшүндүрдүмбү? Мен ар бир нерсеге системалуу мамиле жасаш керек деп айткам. Мен Иса Өмүркуловго болушпайм. Ал кишинин тагдыры өзүнүн колунда. Жакшы иштесе иштей берет, жаман иштесе кетет, албетте. Мен деле мэрия жыргап кетти деп айта албайм. Мен болгону айткам, ушу канча жолу билесиңер, Бишкекте жер басып алуу болгон. Өмүркулов 10-жылы ошого туруштук берген. Анан мындай да, мен системалык мамиле жасоо керек  дегеним, мен айткам ошондо, мэрияга башкача бир, Бишкекке башкача бир каражаттар бөлүнүш керек деп. Бишкекке өзү чогулткан салыктын үчтөн бири эле берилип жатпайбы! Анан эл дагы өзүн кичине күзгүдөн караш керек. Мына мен Японияга бардым, Киото деген шаарына бардык. Токио-Киото. Киотонун ортосунда бир чоң суу агат экен. Сай бар экен. Мындай сайды карасам таптаза! Мындай бир кагаз же пакет ыргытып койбойт, таптаза! Ошол Киотого мэр ким болсо дагы сай таза бойдон кала берет! Мен айтар элем, мисалы ошол эле Киотодон тротуарга түкүргөн бирөө барбы? Жок да! Мындай кичине, “бу биздин шаарыбыз” деп чогуу карасак! Чогуу мамиле кылсак! Анан кээ бир шаарларда карап атабыз, акчасын эмне кыларын билбей, борбордон берип атабыз да өкүртө! Республикалык бюджеттен, башка региондордон алып. Керек болсо эстеликтерди куруп атат. А Бишкекке, өзү чогулткан салыктын үчтөн бирин берип жатабыз. Анан кантип Бишкекти бирөө кыйратсын! Албетте мен көрүп турам, Өмүркуловдун ишин, депутаттар деле анча жактырбай жатат. Азыр кандай чечим кабыл алат, ким билет, кетиришеби, мөөнөт беришеби, өздөрү билсин! Мен киришпейм. Мага бул кызматта дос, жакын же тууган деген жок да, ачык айтайын. Менин казыр бир эле максатым бар – бул менин мамлекетимдин, биздин Кыргызстандын келечеги. Мүмкүн мөөнөтүм бүткөндө мен ойлоп турам, ачык айтайын, достордон дагы, туугандардан да ажырап калам. Бирок менин тагдырым ушу, менин азыр бир гана приоритетим бар – бул Кыргызстандын келечеги.

-Дагы бир суроо. Ушул жакынкы күндөрү жаз келип атат. Эми жаз келген сайын бизде “жаз жарыш” деп, билек түрүнүп иштерден мурда митингдер жөнүндө аябай көп сөз болот. Мына Ош, Жалал-Абадда, Нарында, Караколдо абактагы үч депутатты бошотуу талабы менен митингдер өттү. Бул жерде ошол катышкандардын саны эмес, ошол митингдердин өзүнө кандай баа берет элеңиз? 

- Ошол эле камакта отурган депутат болобу, же башка бирөө болобу, мына жакында кээ бир чиновниктер пара алган жеринен кармалды. Алар үчүн деле жер-жерлерде митингдер өтүп  жатат. Чечимди сот чыгарыш керек. Баатыр-эне эмес, же алиментщик ата эмес, же депутат эмес, парламент эмес, Президент эмес, чечимди сот чыгарыш керек. Ушул сот менен, мыйзам менен иштеп көнүшүбүз керек. Акыркы жылдары кичине көнүп калдык да, охлократия деп коет, кыйкырыкка баш ийип, “ОБОНдорго” баш ийип. Андай болбош керек, биз мыйзамга гана баш ийип, мыйзам менен жашашыбыз керек мындан нары. Ошондо гана ошол эле Япониядагыдай өсүп-өркүндөп кетебиз. А ким катураак кыйкырса ошонуку чын десек,  анда Кыргызстандын келечеги жок болот.

- Кезекте дагы бир чоң окуялар болот экен, төңкөрүш болот экен, революция болот экен деген да пикирлер бар. Бул пикирлерге кандай карайсыз?

- Пикирлер гана эмес, албетте, аракеттер болот. Анткени ушул жылы мен ойлоп турам ошол эле Жаныш Бакиевдердин, Максим Бакиевдердин аркасында тургандардын мындай акыркы бир үмүттөрү – ушул жыл. Эптеп кайрадан бийликке келсек деген ойлору ошол. Мына, Кыргызстандагы ар бир чатак нерсени карасак, чындыгында аркасында ошолордун кулагы чыгып турат. Анткени чатак маселенин ар биринин аркасын карасаң себеп жок да! Түпкү себеби жок. Шылтоо да чындыгында.

- Мына Бакиевдер жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Жакында ошол аскер соту Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча чечим чыгарды, өкүмдө ошол Курманбек Бакиевди 24 жылга, Жаныш Бакиевди өмүр бою түрмөгө кести. Аларды Кыргызстанга алып келүү боюнча кандай пикир айта алат элеңиз, дегеле ошол реалдуубу, ошолордун келиши?

- Албетте биз аракет кыла беребиз. Мен ойлоп турам.Эртели-кеч бул адамдар жазасын алат. Анткени мезгил деген мезгил. Кудай бар дегендей. Элибиз да бар да. Президенттиктен Атамбаев кеткени менен баары бир менден кийин төрт жылдан кийин келген Президент деле, мен ойлоп турам, максатынын бири ушул, сот чечимдерин аткаруу болот да. Ошондуктан эртели-кеч ар бир адам жооп берет. Кудай буюрса жалаң эле тиги дүйнөдө эмес, бул дүйнөдөн деле ошол Жаныш Бакиевдер, башкалар жооп берип калат деп мен толук ишенем. Албетте, буга карата биз тийиштүү чараларды азыр деле көрүп жатабыз жана көрө беребиз.      

-Россия менен мамиле тууралуу, бул негизинен, ГЭСтердин курулушу боюнча. Бул талкуунун убагында парламентте айрым бир пикирлер айтылды, азыркы келишимдер - экинчи Кумтөр дешти. Сиздин пикириңизде ушунчалык эле, биз бул келишимдерди түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын катуу сатып жатабызбы?.. 

-Эми азыр жалаң эле ГЭСтерди эмес, “Жерүйдү” деле экинчи Кумтор кылат деп атпайбы. Анан ушул ГЭСтердин келишимдерин алсак, мындай да, ушул келишимдер 49 жылдан кийин жокко чыгарылсын деген талаптар коюлуп атпайбы. Аны келишимди окубагандар айтат. Эгерде келишимди окусак, аякта жазылып турат, мына, өзүн өзү актагандан кийин 10-15 жылдан кийин, бир тарап деле, керек болсо Кыргызстан өзү келишимди жокко чыгарып коет. Ошону туура көрсө ошол мезгилде, мындан нары эми өзү иштетем, өзүм колго алам десе. Ошол эле “Жерүйдү” алсак. Мына “Жерүйдү” азыр старттык баасы 300 миллион доллар болсун дептир. Аны дагы тилекке каршы Өкмөт макул болуп, ушундай менен аукционго чыгарылсын дейт. 300 миллион доллар старттык баасы болсо, бир дагы инвестор келбейт да! Эмнеге мындай кылынат? Эмнеге ошол “Жерүй” 300 сомго кеткенде тымпыйып отургандар азыр бакырып өкүрүп атат, анткени ойлору башкада. Бул бийлик кетет, бир шылтоо менен кетиребиз анан кайрадан бул “Жерүй” бизге калат 300 миллион доллар эмес, ошол эле 300 сомго кайра биздин колубузда калат деп жүрөт. Анткени мына 2010-жылга чейин кен кимдин колунда болчу? Бул проектте жалаң эле Максим Бакиев же казак инвестор эмес, ошол эле таластык жигиттер бар. Таластагылар жакшынакай билет ким бар экенин. Анан жанакы кыйкырып жаткан карапайым эл көпчүлүгү алданып жатат. Бирок уюштуруучулар башка да! Акча чыгарып жаткан, мал союп аткан, “Жерүйдү” иштетпейбиз дегендер башкалар. Жанагы 300 сомго алып, ээ болуп тургандар ушунун баарынын аркасында турат. Ошондуктан ушунун баарына карасак. Бул Геббельстин жолу да! Мындай Геббельстин сөзү бар го: “Чем страшнее ложь, тем люди быстрее верят”, - деген. Ошону пайдаланып, элди алдайын деп жатат да. Ошол эле күнөөсүз отурат деген Садыр Жапаровду алалы. Садыр Жапаров, билесиңер башка иш боюнча отурат. Бирок ошол “Жерүй”, “Кумтөр” деп элди дүрбөтүп жатат. Мындай, чындыгында ошол эле “Жерүйдү” парламентте 2009, 2008-жылдары,  2010-жылы көтөрүп жатканда микрофондорун өчүрүп койчу да. СДПК партиясынын микрофондорун парламенттен өчүрүп, мына биздин депутаттар ошол эле Таласка же Көлгө барса ар кайсы сөздөрдү сүйлөп, ошол эле убакытта ошол эле Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөшүү агентствонун жетекчиси болчу. Эмнеге ошондо тымпыйып отурат, а азыр жанагы “Жыргалаң”, мародерство, тиги-бу иш чыкканда калп эле “Кумтөргө”, “Жерүйгө” жамынып коет. Мына, шаршемби күнү Мукар Чолпонбаев “15000 киши чыгарам, тиги-бу...” деп заявка берип жатат. Элди дүрбөлөңгө салып, коркутуп атат. Эми Мукар Чолпонбаевди биз жакшы билебиз го. Убагында чогуу партиялаш да болгонбуз. Мукар Чолпонбаев 1995-жылы эле Спикер болгон Акаевдин кезинде. Эми бийликтен таза кетпеген адамдар, азыр “Кыргызстан үчүн өлөм” дегендерине ким ишенет? Мисалы мен ишене албайм. Бирок карапайым элдин арасында ар кандайлары бар, ишенгени да бар. Анткени бийликке ишенич кеткен да акыркы 20-жылдын ичинде. Бирок ошол ишенээрдин алдында мен элиме айтар элем: “айланайындар, карап көргүлөчү, убагында колунда турганда, бийликте турганда, Жапарову да, Исабекову да, башкасы дагы! Кудайдан коркуш керек да. Баардыгын Кудайга койдум, бирок, кыңыр иш кырк жылда эмес, андан мурун эле чыгат. Ар бир маселе боюнча маалыматтар чыгат. Чыккандын баарын элге алып чыгабыз. Ошондо айтып жатпаймбы, башкача болот. Негизи алданбаш керек. Ошол эле мына бийликке барам, бийлик алам дегендер, даярдангыла. Мына азыр билесиң дагы бир митинг  даярдалып жатат. 15-нен кийин биздин генералыбыз Мирослав Ниязов уюштуруп жатат. Бирок парламент тарасын деп чыгып жатат. Өзү ушул парламент шайланып жатканда бир партиясынын тизмесинде биринчи болчу. Азыр парламентте болсо тымпыйып отурмак. Парламентке өтпөй калды, эми парламентти таратыш керек деп жатат. Мейли, бул парламентти тараталы, жаңы шайлоо болсун. Аякка өтпөгөндөр чыгат да, эмкисин тараталык деп. Ошондуктан мен ойлоп турам “Сабырдын түбү сары алтын”. Парламентти таркатыштан мурда, эмки шайлоону өткөрүштөн мурда даярданыш керек. Эми шайлоону колдон келишинче таза өткөрүш керек. Керек болсо видеокамера колдонобузбу, биометрический жанагы маалыматтарды колдонобузбу, керек болсо ошол эле Монголияда башбармагын компьютери басып туруп, ошол отпечаткасын карамайынча добуш бере албайт экен. Таптаза өткөрбөсөк болбойт да. Эмнеге парламентке мындай көп ишенич жок болот, анткени тилекке каршы билесиз да, шайлоо кандай өтүп атканын. Азыркыга чейин андай таза өтпөй жатат, биринчиден. Экинчиден, эл деле мындай кичине жоопкерчиликти моюнга алыш керек. Парламентти шайлап жатсаң, 5 жылга шайлап атасың. Беш бармакка алданбай,  аракка алданбай, ойлонуп туруп добуш бер. Ошол эле азыркы парламентти таратабыз, же Президентти кетириш керек деп бакылдап акчаны таратканча, шайлоого даярданбайбы. Мына шайлоого болгону эки эле жыл калды, парламенттик шайлоого. Президенттик шайлоо  деле 4 жылдан кийин болот. Ошол шайлоолорго даярданбайбы.

- Акыркы дайындоолор боюнча боюнча кеп кылсак. Өкмөттөгү акыркы дайындоолорду алалы. Мисалы карап көрсөк Накен Касиев, Шамиль Атаханов, Абдулда Суранчиев, Бабырбек Жээнбеков, булардын баардыгы тең пенсиянын курагындагы же пенсияга жакындап калган адамдар. Бирок ошол эле убакытта жаштарга орун берилбей жатат деген жаңы элита түптөлбөй жатат деген пикирлер бар. Ушул дайындоолорго кандай көз караштасыз?

- Эми мен деле бул дайындалган адамдардын кандидатураларын колдобойт элем. Бирок жаңы элита менен жаш маселеси ар башка маселе. Мисалы, ошол эле өнүккөн мамлекеттерди алсак, мына Американы алалы. Азыркы тышкы иштер министри, Мамлекеттик катчы  Кэрри 70 жашта. Мына эң өнүккөн мамлекеттеринин бири Японияны алсак, ал жерде деле министрдин көбү 60 жакын же 60тан ашкан адамдар. Мына Кытайда да кадрлар жакында эле алмашып баштады. Бүт  баары эле 60тан  ашкан адамдар. Бул кемчилик деп айтсак болот. Бирок кээ бир адам жаш болгону менен жанагы Максим Бакиевге окшоп жалаң гана жамандыкты жаратты. Керек болсо жигиттерди чоң кызматка койсок, уурдап  камалбадыбы. Кээ бир адам карыганы менен кыргыз үчүн, мамлекет үчүн жүрөгү жаш кездегидей согуп турат. Ошондуктан  аны карабаш керек. Бирок суроонун экинчи жарымын мен колдойт элем, жаңы элита керек. Мына Кытайда 10 жыл  сайын элита толук бойдон алмашат. Бизде 20 жылдын бери 1995-жылы спикер болгон  Мукар Чолпонбаев ошол эле бүт элита ошол бойдон жүрөт. Ошол процесске кылдат мамиле жасап, жакшылап маани бербесек болбой турат. Мен киришейин деп атам. Албетте, бул жерде чоң бир нерсе - эки жылдан кийин парламенттик шайлоо болот. Менин да тилегим ушул 2 жылдан кийин эмки парламенттик шайлоого жаңы элита катышып, мына, шаардык шайлоодой уттуруп койбой, жаңы бир элита келсе экен деп турам. Бул жашына карата деле эмес, жашы болсо деле, 10 жылдан бери айланып жүргөндөр бар. Керек болсо жаштар, Кыргызстан үчүн күйгөн, Кыргызстан үчүн керек болсо жанын бере турган адамдар келиш керек. Албетте, жаштарды да даярдап, жардам бериш керек. Анткени жаштарды алып чыкпасак болбой турат. Бир топ татынакай жаштарыбыз Кыргызстандан өз ордун таппай кетип калды. Кыргызстандан кетип калгандарды тартыш керек. Анын үстүнө мобу акыркы Бишкек шаарындагы шайлоодо көрдүм жаш партияларды. Бир топ камчы сап боло турган, найза боло турган жигиттер бар экен, Кыргызстанга күйгөн. Тилекке каршы, бир тобу өтпөй калды. Ошолор менен жолуксам, сүйлөшсөм деген ойлор бар. Албетте, элитаны жаңыртыш керек. Менин деле максатым ушул - Кыргызстанда бир жаңы элита калсын. Чөнтөгүн ойлобой элди ойлогон бир элита калыш керек. Өзүн ойлобой мамлекетин ойлогон элита керек.

-Азыркы учурда Сиз өзүңүздүн оппонентиңиз же күчтүү атаандашыңыз ким деп ойлойсуз?

-Богатырев жакшы жазган. Атамбаев өзүнө өзү оппонент деп. Бир топ нерсе бар ушул жерде. Анткени билесиң да, ушул Куранда деле айтылган, Жихад бул өзүңдү өзүн тазалоо деп. Ар бир адамдын кемчилиги бар, мен негизги оппонентим убактым жетпей жатат. Мына убакыт аз. Бирок элибиз да дароо эле жаса деп көнүп калган, сабырдуулук жетпей турат. Кудай буюрса президенттик мөөнөтүмдө башка бир Кыргызстан калтырып кетейин деген оюм бар. Кудай буюрса, тынччылык болсо. Негизи, Кыргызстанга негизги коркунуч келтирген эски бир жаман нерселер бар. Мына жакында Алия Суранованын макаласы чыгыптыр. Ошону карап көрсөң Кыргызстандын негизги оппоненттери ушул бизди артка тарткан көралбастык, ичи тардык, жалкоолук  деп айтыптыр. Жалаң гана мен эмес бүт Кыргызстандын оппоненттери ошолор. Мен тескерисинче ойлоп турам. Кыргызстанда бир канча күчтүү партия болуш керек. Анан мына 4 жылдан кийин тандай турган президенттике талапкерлер эки үчөө болбойт, көбүрөөк болсо деп ойлоп турам. Сапаттуу болсо, өткөн жылы 87 киши Президент болом деп чыкты. Аларды көрүп алып алып Кудайга тобо дедим. Менин дагы, элибиздин дагы Кыргызстандын дагы оппоненти ошол Кыргызстанды ылдый тарткан ушул биз арыла албай жаткан кемчиликтерибиз.

-Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш кандай жүрүп жатат деп ойлойсуз? Дымып калган жокпу, анан мобу көп иштер козголуп кармалгандар бар, бирок сотко көбү жетпей жатат...

-Сотко жетпей жатат. Анткени ушул кармалган коррупционерлер ар кайсы шылтоолор менен сотко жеткирбей созгонго аракет кылып жатат. Ошол “Мегакомдун” ишин карагыла. Мына ошол эле Абеков колдон келишинче создуктуруп жатат. Иши кылып сот болбосун деп аракеттенип жатышат. Бирок Кудай буюрса иштин көбү аягына чыгат. Керек болсо биринчи инстанциядан акталып кетсе, экинчисинен, үчүнчүсүнөн каралып атат. Ошондуктан дымып калды деп айтсак болбойт. Эмнеге азыр баары  эле бакылдап чыгып атат. Анткени азыр жанагы кол тийгис дегендер жок болду. Депутат болосуңбу, министр болосуңбу, ким болсоң да азыр жоопко тартыласың. Бирок колдон келишинче ошол адамдар туугандарын көтөрө коюп, бир шылтоо таба коюп, өлүмүш боло коюп сотту создуктуруп жатат. Анан кийин күчкө салып бир айда эле, бир жылда керек болсо, бир жылда бүтпөй калат экен. Ошол эле “Мегакомдун” иши мына бир жылдан ашып кетти. Анткени биз дагы мыйзам боюнча кетпесек болбойт. Сот баардыгын ачык айкын, ошол эле журналисттердин катышуусу менен караш керек. Созулуп турса созулуп турсун, бирок аягына чыгыш керек. Ачык айтайын, ушул апрель айларында коррупцияга күрөшүү боюнча жаңы бир маселелерди, жаңы бир экинчи этапын карайлы деп атабыз Коргоо кеңешинде. Кудай буюрса март айында энергетика маселелерин карайбыз, энергетикалык коопсуздукту карайбыз. Апрель аягында коррупциянын экинчи этабын карайлы деп жатабыз. Ошондуктан  эскертип кетейин, азыр мына министр болобу, депутат болобу, прокурор болобу, сот болобу – кол тийгис адам жок. Бул күрөш жүрүп атат. Аны менен катар, сот реформасы дагы жүрүп жатат. Cотто дагы, ГКНБде, милицияда, прокуратурада реформа жүрүп жатат. Анткени биз муну аягына чыгарбасак болбойт. Коррупцияны дүйнөдөгү бир дагы мамлекет жок кыла алган эмес. Жок дегенде биз коррупцияны ошол өнүккөн мамлекеттин деңгээлине түшүрбөсөк Кыргызстандын келечеги болбойт. Бул ишти ар качан көңүлдүн чордонунда кармап келебиз.

Кубатбек Оторбаев:

Сизге чоң рахмат маегиңиз үчүн.

 

12-март, 2013-жыл
Басып чыгаруу