Президент Алмазбек Атамбаевдин «ЭлТР» коомдук каналына интервьюсу

ЭлТР: Урматтуу Президент, мына жакында эле белгилүү саясый талдоочулардын бири «кыргыз эли көптөн бери жазды улуу тилек, жакшы ойлор менен тоскондун ордуна «дагы эмне тополоң чыгып кетет болду экен?» деген жүрөк заада менен тосот» деп айтты эле. Анын сыңарындай, азыр деле «баланчасында болот экен» дегендей түрдүү имиштер айтылууда. Мамлекет башчысы катары айтсаңыз, элдин көтөрүлүп чыгышына экономикалык, саясый, же башка бир олуттуу себептер барбы?

Президент Атамбаев: Ачыгын айтканда, мени деле капа кылып, ойлонткон нерсе ушундай маанайдагы кептер болуп атат. Бала кезимде, студент кезимде деле элибиз жаз мезгилин өтө чоң кубаныч, илгери үмүт менен тосчу эле. 2005-жылы, 2010-жылы белгилүү себептер менен окуялар болгон, андан кийин да аракеттер болгон. Ошолордун негизиндеби, айтор, элибиз жаз мезгилин башка бир маанай менен тосуп жатат. Бир балээ болуп кетпесин деп. Эми эл деген эл. Эл арасында да ушак тараткандар көп. Тилекке каршы, элибиз да ишенчээк.

Экинчиден, быйыл ошондой окуя болобу, же болбойбу деген суроого жооп издегенден мурда, ошол 2005-2010-жылдардагы окуялардын себептерин көрүш керек. Ал окуялар эмне себептен болгон? Биринчиден, бийлик биротоло коррупцияланып кеткен. Экинчиден, ошол 2005-жылы да, 2010-жылы да «бул бийлик эч качан таза шайлоо өткөрбөйт» деген кеп ачык эле айтылып калган. Ага байланыштуу элибизде «шайлоо жолу менен бул бийлик өзгөрбөйт» деген үмүт өчкөн. Анан эл башка арга таба албай, айласыздан көчөлөргө чыккан.

Азыр болсо, элди көчөгө алып чыкканга шылтоолор көп, бирок себеп жок. Андыктан, мен Президент катары кепилдик бере алам. Мен дагы, башка бийликтин бутактарына дагы элдин көтөрүлүшү үчүн кандайдыр бир себептерди жаратпайм деп ишенем.

ЭлТР: Мына жаз жарышы жаңы башталган кезде парламенттеги көпчүлүк коалиция тарап кетти. Бул сиз үчүн күтүлбөгөн окуя болдубу? Анан дагы жазгы талаа жумуштары башталган маалда коалициянын тарап кетиши экономикага кандай таасир этиши мүмкүн?

Президент Атамбаев: Ачыгын айтканда, бул парламент өкмөт башчысы менен иштеше албай калганын акыркы айларда көрүп тургам. Бирок, өкмөт жай айларына чейин иштейт деген ойдо болчумун. Азыр парламенттик системага багыт албадыкпы. Эгерде кандайдыр бир партия көпчүлүк албаса парламентте, анда өкмөт тез-тез алмаша берет. Ар бир парламенттик өлкөдө кандайдыр бир партия көпчүлүк албаса, андай мамлекетте өкмөт жыл сайын, керек болсо алты ай сайын алмаша берет. Мындай көрүнүштү убагында Түркиядан да көргөм. Бир топ европалык мамлекеттерден да көрүп атабыз.

ЭлТР: Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө боорун жерден жаңыдан көтөрүп баштаганда өкмөттүн бат-баттан алмашуусу да ага терс таасирин тийгизбейби деген суроо туулат?

Президент Атамбаев: Биз улуттук туруктуу өнүгүү кеңешин жана беш жылдык стратегияны кабыл алганда көпчүлүк саясатчылар түшүнбөй калбады беле? Мен муну алдын ала түшүнгөм. Себеби, парламенттик башкаруу болгондон кийин өкмөт тез-тез алмаша берет. Бирок, бизде беш жылдык план бар. Өкмөт башчысы, министрлер алмашышы мүмкүн. Бирок, министрликтер калат. Пландары алдыларында турат. Биз ошол план менен алардын отчетун сурай беребиз. Алмашуулар мурункудай таасир этпей калды чындыгында.

ЭлТР: Азыркы тапта дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган маселе – Украинадагы окуялар болууда. Украинанын жана Батыштын ММК булактарын карасак, «Орусия Украинага баскынчылык саясатын жүргүзүп жатат» дегендей маанай бар. Ал эми Орусиянын маалымат булактарында «орус тилдүү жарандарды коргоп атабыз» деген пикир бар. Анан Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендиги белгилүү. Бир катар ири долбоорлордун демөөрчүсү да болууда. Кантта да Орусиянын аскер базасы турат. Мына ушундай жагдайлар коомчулукта Кыргызстандын эгемендигине доо кетирбес бекен деген суроолорду жаратып жатат. Буга кандай комментарий берет элеңиз?

Президент Атамбаев: Бул жерден Крымдын тарыхын да унутпашыбыз керек. Анын тарыхы да өзгөчө да. Экинчиден, сиздин сурооңуздун төркүнү «Орусия Кыргызстанды бир күнү басып албайбы?» деген суроо болду да. Мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол коем. Ачыгын айтканда жылдан-жылга Кыргызстандан кетип жаткан орус тилдүү жарандар көп. Орусиянын жарандыгын алып кетип жатат. Эмнеге кетип жатат деп сураштырсам, мындай экен да. Биринчиден, Кыргызстанды таштап, Орусиянын жарандыгын алган үй-бүлөгө 300 миң рубль, же болбосо 10 миң доллар берилет экен. Андан тышкары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бир канча миң доллардан берилет деген шарттары бар. Андан тышкары үй да берип, жумуш менен да камсыз кылышарын билдик. Эгерде Орусиянын Кыргызстанды басып алайын деген ою бар болсо, бизде жашап жаткан орус улутундагыларды ушундай шарттар менен чакырат беле? Андыктан келечекте Кыргызстанды кандайдыр бир калк басып алат деп ойлосок, ал орустар эмес. Алардын арасында жакшы адистер да кетип жатат, тилекке каршы. Бул жөн эле сөз. Кыргызстандын жерин басып алам, Кыргызстанга орустар жашайт деген эч кандай пландары жок Орусиянын.

ЭлТР: Орус МамдумасыКрымдагы окуялар аябай күчөгөн кезде жаңы мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Ага ылайык, ким орус тилин жакшы билсе, же орус жарандыгын алгысы келсе, чукул арада орус паспортун берүү жоболору каралган экен. Кыргызстанда да негизи орус тилдүүлөр көп да, ошондон улам ушундай суроолор жаралып жатса керек. Айрым саясатчылар Кыргызстан тышкы саясатында бир беткей эле Орусияга багыт алып алды, экономикалык ири долбоорлорун Орусияга берип жатат деген кептер жүрүүдө. Маселен, энергетика тармагында, курал алып жатат, анан дагы «Манас» аба майданынын 51 пайызын берет имиш деген да кеп таркап кетти. Мына ушул ири экономикалык долбоорлордун артынан саясый маселе жаралып калбайбы деп айтышууда. Буга кандай жооп бересиз?

Президент Атамбаев: Ооба, куралды айтып жатышат, аэропортту, ГЭСтерди, «Кыргызгазды» берип койду деп айтып жатышат. Эми ушуларга ирети менен токтололу. Мисалы, «Кыргызгазды» орустарга 1 долларга берип салды деп айтышууда. «1 долларга «Кыргызгазды» орустарга бергенче, керек болсо тезек териш керек» деп айрым саясатчылар кыйкырганын да билебиз. Биринчиден, «Кыргызгаз» «Газпромго» 1 долларга берилген жок. «Газпром» «Кыргызгаздын» миллиондогон карызын жабат. Анан тышкары 600 миллион доллардан ашык инвестицияны алып келет. Эгерде бул берген убадаларын аткарышпаса, анда биз «Кыргызгазды» кайра алып алганга шартыбыз бар. Чындыгын айтканда «Кыргызгаз» 650 миллион доллардан ашуун акчага кетип жатат. Анан дагы алар «Кыргызгазды» алгандан кийин бизге газды мурункудан арзан баада сатабыз деп жатат. Аны да туура эмес болуп калды деп айткандар болуп жатат. Эгерде эске салсак, убагында «Түндүк электро» 3 миллион долларга гана сатылган. «Кыргызгаздын» түтүктөрү болгону Бишкек менен Ош шаарларында гана бар. Ал эми «Түндүк электро» Бишкекти, Чүй облусун, Ысык-Көл жана Талас облустарын камсыз кылат. Анан ошол болгону 3 миллион долларга кеткен. Эч кандай шарттары берилген эмес да. Ошол “Түндүк электро” 3 млн долларга кетип жатканда кол чаап отурушкан. “Кыргызгаз” ошол “Түндүк электрого” караганда 200 эсе кымбат кетип атса азыр бакылдашып жатат. Бат эле бир нерсени унутабыз. Мына кыш келээрде, жаңы жыл жакындаганда эле “Кыргызгаз” күйпөлөктөп калчу, Ташкентке барганда кол коебу жокпу, жаңы жылды газ менен тособузбу же жокпу деп. Аны да унутпаш керек. Мен мисалы кабатыр болбойм, мен билем “Газпром” Ташкент мененби, Алмата мененби, Ашхабад менен сүйлөшөбү, айтор Кыргызстанда газ болот.

Эми «Манас» аэропортун алалы. Бул аэропорттун 51 пайызы орустарга кетет экен деп айтып атышат. Чындыгында меморандумга 51 пайыз деп жазылганы менен биз аларды 49 пайызга көндүрдүк деп мага «Манас» аэропортунун жетекчиси айтты. Эмне үчүн бизге «Роснефть» керек? Эгерде биз «Манас» аэропорту мындан ары дагы жакшы иштеп кетсин десек, анын күйүүчү майы Алматага, Астанага, Душанбеге, Ташкентке караганда арзан болушу керек. Арзан күйүүчү май кайдан келет? Орусиядан келет. Же Америкадан, Ташкенден, Кытайдан келеби? Орусиядан келет. Авиабилеттердин баасы арзан болуп, «Манас» аэропорту иштесин десек бизге арзан баадагы күйүүчү май керек. Эмнеге билеттердин баасы арзандаганын эч ким көрбөйт дагы, аэропорт Россияга, “Роснефтке” кетип жатат деп кыйкырып чыгышат?  Мейли, эгерде 49 пайызга макул болушса алышсын, анын баасы 1 миллиард долларга барат. Ошондон кийин «Манас» аэропорту сакталып калат. Анткени арзан керосин болот, мына азыр Алматага, Астанага, Ташкентке, Душанбеге, керек болсо, ошол эле Душанбеден самолеттор келип, бизден күйүүчү май куюп кетип жатат.

Эми ГЭСтер тууралуу айта кетейин. «ГЭСтерди курууну Орусияга берип койду» деп каршы чыгып жатышат. Мен таң калам да ушуга. Эгерде биз ГЭСтерди өзүбүз кура албасак, анан ким курат?

Орусиядан курал алып жатышат деп сындашууда. Убагында Кыргыз Армиясы куралы эмес, өтүгү жок жүргөн. Эми Армияны күчтөндүрүү аракети жасалып жатса, ага каршы чыгып сүйлөп жаткандар Кыргызстандын душманыбы, же досубу? Ойлонуп көрүш керек да. Акты ак, караны кара деп айтыш керек. Макул, ГЭСтерди курбай коелу, «Манас» аэропортунун күйүүчү майы кымбат болсун. «Кыргызгазды» алып алып газы жок олтура берели. Ошондо келечегибиз кандай болот?

Баарынан да кайгыртып жатканы элибиз буга ишенип алат. Ал эми муну кыйкырып жаткан жигиттер, сасык саясатчылар кечээ эмне болуп жатканын айтып жатпаймынбы. Ошол эле “Түндүк электро” болобу, башка нерсе болобу. Ошондуктан көп нерсени ойлоно, тушүнө турган мезгил келди.

ЭлТР: Теманы андан ары тереңдетсек. Кыргызстан экономикалык жактан Орусия менен Казакстанга байланган эмеспи. Бир-эки ай болуп калды, Казакстан менен Орусиянын улуттук валютасынын куну кескин түшүп кетип, анын таасиринен баалар да өсүп кетти. Бизде дагы сомдун куну бир аз түшүп кетти. Анын негизинде сырттан ташылган товарлардын баасы кымбаттады. Бирок, кыргыз өкмөтү «бизде азык-түлүктүн запасы жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт» деп айтууда. Дегеле кыргыздын тарыхында ачкачылык болбоптур. Бирок, экономика глобалдашып калган чакта, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө баалар көтөрүлсө, анын таасири бизге канчалык болот?

Президент Атамбаев: Менин эсимде бар, айылда “турмуш кандай, жашоо кандай?” деп сураганда кыргыздардын жакшы жообу бар «эл катары» деген. Анын сыңары биздин мамлекет дагы эл катарында жашап атат. Биз коңшу мамлекеттердин алдында да эмеспиз, анткени алдыбызда Казакстан, ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын артында да эмеспиз. Андыктан дүйнөдөгү мамлекеттер көргөн, коңшулаш мамлекеттер көргөн тагдырды биз да көрөбүз. Бирок, бизге каралаша турган бирөө чыгабы деген маанайдан арылышыбыз керек.  Кыргызстан өзүбүздү өзүбүз толук багып кете ала тургандай деңгээлге жетишибиз керек. Жакшы иштесек, Казакстандын деңгээлине жетсек да болот. Ошол эле Казакстан эмнеге алдыга чыгып кетти? Казакстан нефтини да иштетип жатат, газын да иштетип, керек болсо уранды да, бардыгын иштетип жатат. Биз болсо иштеп жаткан нерсени токтотушубуз керек деп чыгабыз. Мен ошол нерсеге таң калам. Бирок кыргыз эли, кыргыз мамлекетинде кудайга шүгүр, мындан ары эч качан ачкачылык болбойт. Ынтымак болсо, тынччылык болсо, элибиз эски макалдарды эстеп, «сабырдын түбү сары алтын», «иштесең тиштейсиң» экендигин эсибизге алсак, турмушубуз оңолот.

ЭлТР:Көйгөйлүү маселелердин бири коңшулаш мамлекеттер менен болгон чек ара маселеси. Маселен, Тажикстан менен чектеш аймакта чек ара жабылып, эки тараптын тең карапайым эли кыйналып жатат. Ушул маселелерди сиздер президенттердин деңгээлинде бейформал учурларда талкуулайсыздарбы?

Президент Атамбаев: Албетте талкуулайбыз. Анткени чек ара маселеси бул көптөгөн жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлүү маселе. Бирок, бул жаатта алдыга жылыштар башталды. Тажикстан менен да, менин оюмча, олуттуу сүйлөшүүлөр болуп, натыйжасы билинет деп турам. Өзбекстан менен дагы жылыштар башталды. Чек ара маселеси бул өтө татаал маселе. Ага кылдат мамиле жасоо керек. Андыктан элибиз бир аз сабырдуулук кылып, күтүшү керек. Эл дагы бийликке ишеним артышы керек. Биз мурунку бийликтегилердей болуп жердин сатылышына, жердин жөн эле берилишине шарт түзгөн жокпуз. Колдон келишинче чек ара маселесинин туура чечилишине аракет кылып жатабыз. Кээ бир мамлекеттерде чек ара маселеси жүздөгөн жылдар бою чечилбей келе жатканын да эске алып коюш керек. Андыктан муну бир күндө, же бир жылда эле чечип коюу мүмкүн эмес. Бирок, кудай буйруса чечебиз. Өзбекстан менен дагы, Тажикстан менен дагы.

ЭлТР:Баткен аймагындагы чек ара көйгөйү болгон учурда биздин репортаждардан да ал жактагы мекендештерибиздин «бийлик бизге көңүл буруп атат, эми биз бул жерден эч жакка кетпейбиз» деген мекенчил сезимдерин байкасаңыз керек?

Президент Атамбаев: Буга чейин андай чек ара көйгөйлөрүнө мамлекет көңүл деле бурчу эмес. Чек ара аймактарында коңшу мамлекеттин жараны келип биздин жерди ээлеп алган учурлары болгон. Бирок, ошол эле учурда калп эле көкүрөгүн койгулап, ашкере улутчул болуп, мамлекетибизге тескери таасирин тийгизип жатат. Ошол эле Украинадагы окуялар эмнеден улам башталды? Ашкере улутчулдар орус тилине асылып, анан Крымдагы, Донбасстагы орус улутундагыларга асылышты. Айтор, алардын бүгүнкүдөй абалга келишине шылтоолор табылды.

ЭлТР: Коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтпай кетсек болбостур. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштү жалпы эл колдоого алышы үчүн адегенде социалдык жагдайды оңдоп койсо жакшы болот эле деген пикирлер бар. 3-5 миң сом алган дарыгерлер, мугалимдер анча мынча белек-бечкек алып койсо, аны да пара деп айтпай эле койсо не болот эле дешет. Экинчиден, бийликтин каршылаштары коррупцияга каршы күрөш тандоо жолуна түштү, бир беткей гана оппозицияны коркутуу үчүн жасалып жатат дешүүдө. Ушуга комментарий бере кетсеңиз?

Президент Атамбаев: Биринчиден, белек менен паранын айырмасы чоң. 5-6 миң сом эмес, кыйла чоң айлык алган ректорлор да кармалып жатат. Министрлер, орун басарлары кармалып жатат. Мисалы, пара алган адам канча бай болсо деле ала берет экен. Муну да көрүп турабыз. Ошентсе да, албетте, азыркы маяналар деле жетишсиз. Көбөйтүш керек. Ал үчүн кыргыз эли түшүнүшү керек, иштеш керек. Мугалимдерге, врачтарга айлыкты 2-3 эсе көтөргөнбүз, буйруса дагы көтөрүп беребиз.

Ооба, коррупцияга каршы күрөштү тандоо жолу менен жасап жатат, оппозицияны коркутуш үчүн жасоодо деген сөздөрдү угуп жатам. Акыркы эле эки айды мисалга алалы. Эки министрдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бири айыл чарба министри болуп иштеген Узакбаев, экинчиси курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нарбаев. Узакбаев качан оппозиция болду эле? Нарбаев болсо КСДП партиясынын эң эски мүчөлөрүнүн бири. Бирок бул сөз эмнеден улам чыкты эле? Башында «Ата-Журт» партиясынын 3-4 депутатына кылмыш иши козголгон. Мисалы Камчыбек Ташиев. Эки  күн мурун Египетте полиция аймагына кол салган окуя үчүн сот 552 адамды өлүм жазасына тартты. Ошол эле Москвада 2-3 жыл мурда Болотная деген майданда чыгабыз деп бир топ адам ушуга чейин камалып олтурат. Алар Кремлге асылган эмес. Ал эми АКШда Ак үйгө асылган адамды 6 айга камабайт. Ал жакта 20 жылга камайт.

 Мисалы, Келдибековдун үстүнөн иш козголду. Мен дагы материалдарды карадым. Налоговыйда иштесе дагы, соцфонддо иштесе дагы, спикер болуп иштесе дагы кызматынан пайдаланыптыр. Эгер ак болсо,  сот актайт. Калп жазгандар өздөрү жоопко тартылат. Мисалы, Садыр Жапаров Кумтөр үчүн күрөшөм, “Кыргызгаз” деп бакылдап жатат. Ошол “Түндүк электр” 3 млн долларга  сатылганда Садыр Жапаров антикоррупциялык комитеттин башчысы эле. Мен үчүн оппозицияда болобу, бийликте болобу баары бир. Эгерде уурдаган адам болсо, кандай кызмат ээлебесин, керек болсо менин тууганым, жакыным болсун, ал сот жообуна тартылышы керек. Эгерде кайсы бир партияда ошондойлор көп болсо ким күнөөлүү? Убагында оппозицияда өзүм да болгом. 2005-жылы, 2010-жылы. Ошондо  бийликте уурулар олтурган. Оппозицияда “уурулар кетсин” деп кыйкырчубуз. Азыр карасаң оппозициянын ана башчыларынын  бир тобу маслокраддар. Ачыгын айтканда уурулар. Бул дагы өзүнчө парадокс. Эгерде уурулар оппозицияга топтолуп жатса, демек, туура жол менен баратабыз.

 ЭлТР:Коррупция демекчи, Конституциялык палатанын чечимдери бир топ дүрбөлөңгө салды. Бир тарап сатылып кетти дегенге чейин айтып жатышат. Экинчи тарап Конституциялык палатанын чечими туура эмес болсо дагы аткарыш керек деген сөздөр дагы болууда. Сиз Президент катары бул маселе боюнча кандай позициядасыз?

Президент Атамбаев: Конституциялык палата бир чечим кабыл алды коррупция боюнча. Бул чечим боюнча АКСтин кубатын такыр эле кетирип жатат. Ошол чечим боюнча   АКС  мындан ары иштеп жаткан министрге, депутатка же башка бийик деңгээлдеги чиновниктерге иш козгой албай калат. Тергөө жүргүзө албай калат. Бул, албетте, АКС милдетин аткара албай калат деген сөз. Бирок чечим жагабы, жакпайбы, биз аткарышыбыз керек. Анткени Конституцияны сыйлашыбыз керек, мыйзамдарды сыйлашыбыз керек. Бирок дагы бир суроо чыгып жатат. Мына азыр Конституциялык палатада  тогуз киши олтурат. Он бир киши болуш керек. Конституция боюнча буларды эл деле шайлаган эмес. Булардын статусу, бийлиги президенттен дагы, парламенттен дагы өйдөрөөк. Аларды ошол эле мурдагы соттордон тандаганбыз. Четтен алып келген эмеспиз. Сотко ишеним кандай болгонун билесиздер. Бул тогуз киши эртең дагы кандай чечим кабыл алат деп, ачык айтканда, суроолорду туудуруп жатат. Кандай чечим кабыл алса дагы биз аткарууга милдеттүүбүз. Мүмкүн Кыргызстандын келечегине балта чаба турган чечим кабыл алат. Анда кандай кылабыз? Биз аткарышыбыз керек да.  Ошондуктан ушул Конституцияны жазган Өмүрбек Чиркешович Текебаевге деле айткам. Бир топ мүчүлүштөр бар. Айла жок аткарабыз. Конституцияны, мыйзамдарды аткарабыз. Президент катары мен биринчи кезекте аткарам. Ошол АКСтин келечегин ойлоп жатабыз. Мен Өмүрбек Чиркешовичке  айттым, мен Конституцияны  сыйлайм дедим, бирок дагы бир карап чыгалы дедим. Президенттин укуктары көбөйбөй эле койсун, бирок Кыргызстандын келечегине коркунуч келтире турган айрым беренелерди карабасак болбой турат. Анткени адам деген адам. Биз соттордун кебетесин көрүп жатабыз. Эртең кандай болуп кетет. Кандай чечим чыгып калат? Албетте менде да ар кандай суроолор бар, коркунучтар бар.

ЭлТР: Бийликтердин тең салмагы бар деп айта алабызбы?

Президент Атамбаев: Мен минтип деп айтаар элем. Чындыгында  Конституциянын бир беренеси дагы бузулган жок. Айтылбаган сөз барбы парламентте? Ар бир маселе боюнча комиссия түзүлүп жатат. Сөздөр айтылууда. Ошол эле учурда  Президент дагы конституциялык укуктарынын, мыйзам чегинде керектүү сөзүн айтып жатат. Бир күндө эле Кыргызстанда укуктук мамлекет түзүлүп калды дегенден алысмын. Бул дагы убакытты талап кылат.

ЭлТР: Сиз быйылкы жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяладыңыз. Кыргызстан эгемендик алганына чейрек кылымга чукулдап калды. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө деген маселе эмне себептен улам пайда болду? Же Кыргызстандын  эгемендигине, бүтүндүгүнө доо кетире турган жагдайлар барбы?

Президент Атамбаев: Чындыгында Кыргызстанды бир кудай эле  сактап жатат. Ошол эле 2010-жылы көрбөдүмбү, чек ара маселесин, Куралдуу күчтөрүн, мамлекеттүүлүгүн. Анткени мамлекеттүүлүк формалдуу түрдө эле мамлекет деп кыйкыргандан чыкпайт да. Акыркы эле жылдарда  дүйнөдө канча мамлекет бөлүнүп кетти? Кээ бири жок болуу алдында турат. Ливиянын келечеги күмөн болуп турат. Сириянын келечеги коркунучта. Анткени мамлекет алсыз болсо, келечеги бүдөмүк. Ошондуктан мамлекетти бекемдеш керек. Демек, мамлекеттин институттарын бекемдеш керек. Армиядан баштап ошол эле шайлоо институтуна чейин. Шайлоо таза өтсө бул дагы мамлекетти бекемдейт. Армия дагы керек. Ошол эле энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк, экономикалык коопсуздугу. Булардын баары болмоюнча эгемендүү мамлекет бар деп айтыш кыйын.  Мүмкүн формалдуу түрдө бар, бирок бир күнү жок болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан Улуттук стратегияда жазып жатпайбызбы. Армия, шайлоо, энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк, экономикалык коопсуздугу. Бардык маселелерди биз тез арада чечишибиз керек. Жапатырмак иштешибиз керек. Эгерде кыргыз мамлекети жок болсо, кыргыз элинин келечеги кандай болот? Кыргыз мамлекети болбосо кайсы укуктар болот? Куру сөздөн ишке өтүшүбүз керек. Ошондуктан Стратегияда жазылган максаттарды сөзсүз аткарышыбыз керек. Белгиленгендерди аткарышыбыз керек.  Биздин максат – кыргыз мамлекети бекемделсин, кыргыз мамлекети дайыма болсун. 

 

28-март, 2014-жыл
Басып чыгаруу