Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Коомдук телерадиокорпорациясына берген интервьюсу

Өкмөт жөнүндө

Менин биринчи суроом, ушул жакында парламент өкмөттүн өткөн жылдагы ишин жана жүз күндүк программасынын аткарылышынын отчётун укту. Сиз өкмөттүн ишин кандай баалайсыз?

•    Эми өкмөткө баа бериш эртерээкпи деп турам. Анткени, өкмөттү бир жылга чейин иштетип, жок дегенде күздө баа берсе болот деп. Депутаттар да ошол пикирге келди.

Негизги тенденция кандай деп ойлойсуз, өкмөттүн иши кай жакка бара жатат?
•    Өкмөт жакшы эле аракет кылып жатат. Премьер-министрибиз жаш,   абдан аракет кылып жатат. Билесиңер 24-декабрда парламент бардыгы толук бойдон аны бир добуштан колдоп, анан бир ай өтпөй Премьер-министрди, өкмөттү кетсин дегенди баштады. Албетте, андай кырдаалда иштеш да кыйыныраак болот. Негизи, өкмөт аракеттенип жатат.

Оппозиция, митингдер туурасында

Чындыгында өкмөт ишин жаңы баштады. Ошол эле убакытта оппозиция бир топ митингдерди өткөргөнгө үлгүрүштү – Жалал-Абадда, Ошто жана Баткенде. Бирок мына Кара-Балта, Караколдо өткөрөлү деген эле, анысы оңунан чыкпай калды. Деги ушул митиндерге, оппозициянын ишине кандай баа бересиз?
•    Демократиялык өлкөлөрдө митинг деген болушу керек. Эгерде Грецияны алсак, бир жылдан бери 200-300 митинг болду. Болгондо да 5 миңден 50-100 миңге чейин киши чыгып жатты. Бирок, биз мындайдан коркуп калганбыз да, “сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, митингдин аркасынан эле бир төңкөрүш болуп кетеби деп эл коркуп калган да, анын үстүнө биздин кырдаалда, бул митингдер инвесторлорду коркутуп жатат. Негизи, буга көнүш керек, эл да көнүш керек, митингдер боло берет. Бирок, негизи, саясий күрөш, албетте, парламенттин ишинде болуш керек, мына ошону түшүнүп, көрүп жатасыңар, оппозициянын лидерлери да күрөштү парламентке көчүрдү, анткени оппозициянын айрым лидерлери бир жыл мурун бийликте болчу, азыр оппозицияда жүрөт. Мүмкүн, эртең кайра бийликте болот. Бул маселенин бардыгы парламент аркылуу чечилиши керек. Мисалы, илгери Акаев, Бакиев заманында, албетте, парламентте депутаттарга сөз берчү эмес. Мурда парламенттин депутаттарына микрофонду берген эмес, эскертип коёюн, Роза Исаковна Отунбаева бир жолу парламентке мегафону менен барган, айла жоктугунан. Азыр болсо сүйлөй бер, парламенттен болобу, телеканалдан болобу. Мындан ары тынчтык жолу менен, шайлоо жолу менен бийлик берилет. Оппозиция боюнча айтып кетейин. Оппозиция ичинде Кыргызстан өнүксүн деп жанын бергенге даяр болгондор да көп, бирок арасында, кээ бир мамлекеттердин кызыкчылыгын коргогон, керек болсо алардан акча алгандар бар. Ошол эле оппозиция болобу, саясатчы болобу бирөөлөргө иштеп, алган акчасын, гранттарын актап жатышат да. Кыргызстандагы кырдаал азыр ушундай.

Сот системасын реформалоо

Алмазбек Шаршенович, азыркы сурагым, бийликтин дагы бир бутагы болгон сот системасы жөнүндө болгону турат. Сот системасында реформанын башталганына эки жылдын жүзү болду, бирок өзүнүн жыйынтыгы бербей жатат. Эми бул качан ишке ашат, анткени көп иштерге ошол сот системасынын иштебей жатканы тоскоол болууда?
•    Мен Президент болорум менен, жарлыктарымдын биринчиси – ушул сот системасын реформалоо боюнча бирдиктүү комиссия түзүү жөнүндө болгон. Беш ай өттү, Кудай буюрса ошол биргелешкен комиссия, анда коомчулук өкүлдөрү, депутаттар да бар, өз ишин аяктады, сунуштарын берди. Сөзсүз сот реформасын аягына чейин чыгарабыз. Сот реформасын үч этап менен өткөрөлү деп жатабыз. Биринчи этап – 2012-2013-жылдар, экинчиси – 2014-2015-жылдар, акыркы этабы буюрса 2016-2017-жылдар менен реформа бүтөт. Майдын аягында депутаттар керектүү мыйзамды кабыл алып берсе, сот реформасы жакшы бир нукка түшүп, иштегени турат. Соттор бир системага киргени турат.

Тышкы саясат жөнүндө

Кийинки суроом тышкы саясат жөнүндө. Сиздин Түркияга, Россияга жана Азербайжанга жасаган расмий сапарларыңыздан кийин мамлекеттер аралык алака кадимкидей жанданды. Анан эми жакында Казакстанга сиздин сапарыңыз күтүлүп жатат деген маалымат бар. Өзгөчө карапайым элди, ишкерлерди кыргыз-казак чек арасындагы бюрократия катуу кыйнап жатат, ушул маселелер чечилеби?

•    Негизи, ушундай сапарлар элди кыйнап жаткан маселелерди чечүү үчүн жасалат. Жакында 10-11-майда Казакстанга расмий сапарым болот. Казакстандын Президенти, урматтуу Нурсултан Назарбаев расмий сапар менен келип кет деп чакырды. Барып ушул сыяктуу көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүп чечкенге аракет кылайын деп жатам. Кудай буюрса, бир боордош өлкө Казакстан менен мамилебиз жаңы деңгээлге чыгабы деген үмүтүм бар.

Орусия менен мамиле кандай өнүгүп жатат? “Дастандын” тагдыры кандай болмокчу? “Газпром” “Кыргызгазды” сатып алып жатыптыр деген маалымат пайда болду. Эгер “Кыргызгаз” сатыла турган болсо, кандай шарт менен кетип жатат?
•    Биз Кыргызстандын кызыкчылыгын алдырбайбыз, канчалык жакын, бир боор өлкө болсун, мындан ары Президент, Өкмөт жана мамлекет үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгы бардыгынан өйдө турушу керек. 7-майда урматтуу Владимир Владимирович Путин өзүнүн кызматына киришет, инаугурациясы болот. Ошондон кийин бир топ маселелер оңоюраак чечилеби деп турам.

Американын аскер базасы туурасында

Дагы бир тышкы саясатка байланыштуу маселе – бул транзиттик борбор тууралуу. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен айым жакында транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөр башталып жатат деген маалымат таратты. Эгер сүйлөшүүлөр башталса, транзит борборунун тагдыры кандай болушу мүмкүн?
•    Бул да бир жакшы белги. Буга чейин башка тараптар, Америка тарабы да ойлоп жаткан, кичине ижаранын баасын чоңойтуп койсок, Кыргызстан тим болот деп. Биринчиден, Кыргызстандын кызыкчылыгын караш керек, экинчиден, Ооганстандагы окуялардын таасири кандай болот деп. Үчүнчүдөн, биздин стратегиялык өнөктөш, бир топ дос мамлекеттерибиз бар, алардын да көз караштарын эсепке алыш керек. Баарын өлчөп, калчап туруп, Кыргызстан үчүн кайсынысы туура болсо, ошондой чечимге келиш керек. Бирок, мен негизинен Америка тарапка айтканмын, “Манаста” америкалык аскер базасы болбошу керек. Логистика, транспорт жагынан жардам берүүгө биз даярбыз, бирок жарандык борбор аркылуу, мисалы орустар Ульяновскиде ачып жатпайбы, менин оюмча аскердик базалар Кыргызстанда канчалык аз болсо, ошончолук жакшы болот. Анткени Кыргызстан өзүн-өзү коргоого үйрөнүшү керек, даярданышы керек, өзүнүн аскер күчтөрүнө каражаттарды аябашы керек.
Канттагы база боюнча да сиздин пикирлериңиз белгилүү. Катуу талкуу болду, аягында 15 млн. долларды Россия тарап которуп берди. Бирок, оппозициядан ушул аркылуу кыргыз-орус мамилеси бузулуп калышы ыктымал деп сизди сындаган пикирлер да айтылды. Буга эмне дейсиз?
•    Эми Кыргызстан эгемендүү мамлекет, өз кызыкчылыгын коргошу керек. Бардыгына жагалдана берсек, анда өлкөбүз эгемендүү болбой эле, бир мамлекеттин кулу болуп калат. Россия өзүнүн базалары үчүн төрт жыл ижара акысын төлөбөгөнү туура эмес болгон. Кээде Россиянын чиновниктери түз мамиле кылса туура болмок. Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын коргосо, аны спекуляция кылган саясатка буруп кеткен туура эмес да. Путин кызматка киришкен соң буларга чекит коюлат деген ойдомун. Анткени биз мурдагы сүйлөшүүлөргө кошумча эчтеме сураганыбыз жок, кагаздарга кол коюлган. Ошону эле аткаралы деп жатабыз. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошубуз керек. Биз эгемендүү мамлекетпиз, мындан ары да эгемендүү болушубуз керек.
Кытай менен алака

Биздин Кытай менен мамилебиз кандай нукта өнүксө деген оюңуз бар. Анткени биржолу бар – кытай экспансиясы деп чек араларды жабуу, экинчиси Кытай менен пайдалуу алакаларды жүргүзүү. Менин айтайын дегеним темир жол боюнча болуп атат, кандай шарт менен алынганы атат. Ордуна биз Кытайга эмне беребиз?
•    Кытайдан коркуп, экпансия болот деп темир тор тартабыз, дубал курабыз, же Кытай жок деп көрмөксөнгө салсак болбойт. Бир топ кытайлар келет деп. темир жолду салбасак деле кытайлар келет. Кыйкырык болуп атпайбы, темир жол салсак кытайлар келет деп. Темир жолду салбасак деле келет. Биржарым миллиард адам бар Кытайда. Каалайбызбы, каалабайбызбы, соода боло берет, иш боло берет. Тескерисинче коңшулукту пайдаланып туруп, Кыргызстан үчүн пайда табыш керек. Кээ бирөөлөр эксперт болумуш болуп чыгып атпайбы, Фергананын бириктире турган темир жол салыш керек. Кытай менен жол салсак тигиндей болот, мындай болот деп. Ферганын бириктирген темир жол азыр деле бар. Иштебей атпайбы. Бир күнү иштесе, эки күн жабык турат. Ошондуктан бул эксперттер калп эле эксперттер. Булар деле бирөөнүн акчасын алып, актап атат. «Кыргызстан ушул бойдон тупикте калсын, бирөөлөргө дайыма көз каранды болсун, эч качан бутуна тура албасын» деген оюндары да. Темир жол Кыргызстан үчүн керек, мүмкүн бирөөлөр үчүн кереги жок. Эгерде биз биз эгемендүү, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет бололу десек, транспорттук тупиктен чыгыш керек. Темир жолду салыш керек. Анткени Кытай тарабы ачылат, Кытайдын аркылуу океанга чыгабыз. Башка тарабы Иран болобу, бул тарабынан дагы деңизге, океанга чыгабыз. Керек болсо бир бутагын Европага жөнөтүп коёбуз. Негизинен бир туюктан чыгып калабыз. Эгер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынса, мага ишенип койгула, бул жол күнү-түнү иштеп калат. Эгерде Кытай ушул жолду салууга макул болсо. Анткени, мен суроонуздун аркы жагына да түшүнүп атам, биз акысына эмне беребиз деген. Эч кандай кен байлык бербейбиз. Темир жол эки гана жол менен салынышы керек: же консессия же кредит аркылуу Кытай-Кыргызстан биргелешкен жолу болуш керек. Бирок, кен байлыктарыбыз темир жол үчүн берилет деген Кыргызстандын душмандарынын ушагы. Кыргызстанда жол да салынбасын, Кыргызстан дайыма көз каранды болсун деген сөз. Анткени, темир жол салынса, жанына да кара жол жол салынат, төрт тарабы кыбыла болуп калат. Азыр болсо, кор болуп отурабыз.
-Жакында “Азаттык” радиосу баштаган айрым маалымат каражаттары Кадыржан Баатыровдун байлыгын, мүлкүн санап, ошол боюнча маалымат беришти. Да бир маалымат, Москвада кыргыздар менен өзбектерди каршылаштыра турган атайын уюм пайда болду деп атышат. ушул фондо алганда, жакныда Екетеринбургда Кыргызстандыктар катышкан жаман окуя болуп, ал жерде киши өлдү. Ушул окуяларды тизмектеп сыдыргыга салсак, бул тууралуу кандай пикирдесиз?
•    Албетте, Москвада атайын уюм түзүлдү, Екетеринбургад ушундай окуя болду дегендер, кээде жөн эле имиштер да. Бирок, негизинен, албетте чоң оюндар болуп атат. Оштогу окуялар жөн жерден чыккан эмес. Бир топ маалыматтар боюнча, алдын ала даярдалган. Мурун эле даярдыктар көрүлүп. Анан башталган экен. Албетте, көздү ачыш керек. Анткени, эң коркунучту нерсе, улаттарды каршылаштыруу, эки бир тууган элди бири-бирине кол көтөрүүгө түртүү. Ушундай бир оюндар улутчулдуктан чыгат. Сепаратизмдин булагы да ушул, акырында бир эл сепаратисттер боло баштайт да, бири ашкере улутчул болуп баштайт. Аягында кан төгүлүп кетет. Буга өзгөчө маани бериш керек. Мамлекеттик концепция болуш керек. Биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошол эле түштүктөгү кандуу окуяны алсак, биринчиси 60-жылдары болуптур. Экинчиси 30 жылдан кийин 90 чу жылдары болгон. Үчүнчүсү 2010-жылы 20 жылдан кийин болуп жатпайбы. Байкасаңар,окуялардын арасы да улам кыскарып баратат.
Мындай сыноого туруштук бериш үчүн ар бир адамдын аракетти болушу керек. Биз кыргызстандыкпыз! деп биригүү ар бир үйдөн, ар бир квартал, райондон, ар бир мектептен башталыш керек. Эгерде кичинекейинен баштап мен кыргыз, сен өзбек, сен орус деп бөлүнүп баштаса, аягы эмнеге барарын көрүп атабыз. Биз, баарыбыз, кыргызстандык болушубуз керек. Ал үчүн адегенде кыргыз тилин 1-класстан баштап үйрөнө башташ керек. Кыркка же элүүгө чыкканда үйрөнүш кыйын. Быйыл сөзсүз 1-класстан баштап биздин бардык жарандарыбызга кыргыз тилин окута баштайбыз. Кыргызстандын жарандары дегенди өзөккө өткөрүп туруп, ошондон улам барып элибизди бир эл кылышыбыз керек. Ошондо мобу оюндар токтойт. Гүлдөгөн, күчтүү Кыргызстан биринчи кезекте өзүбүзгө керек.

Эмгек мигранттары жөнүндө

Былтыр 300дөй кыргыз Россияда каза болгон экен. Быйыл ушул жыл башынан бери 20-30 кишинин санын айтып атышат. Ушул өтө орчундуу маселе го. Ушуну такыр токтотпосок да басаңдатуу үчүн өкмөт, балким бийлик эмне кылыш керек?
•    Биринчиден Кыргызстандын өзүнүн экономикасын өнүктүрүп, биздин кыздар-балдар кетпегенге аракет кылышыбыз керек. Жакында премьер-министр менен сүйлөштүк. Мен айттым, өзгөчө ирригация маселесинен акча аябашыбыз керек. Өзгөчө түштүктөн көп кетип жатышпайбы. Жер жок да. Мен санап көрсөм, 200 миллион доллардын тегерегинде акча кетет экен, жүз миңдеген гектар жерлерди ишке киргизиш үчүн. Акчаны аябаш керек. Быйылтан баштап ирригация улуттук долбоорун аткарыш керек. Экинчиси, албетте, тышкы иштер министрлиги үчүн акчаны өтө эле үнөмдөп атабыз. Мигранттар менен иштеш үчүн дагы бир топ шаарларда консулдуктарды ачып, ишин күчөтүш керек. Үчүнчүдөн, мына мен ойлоп турам, Россиянын өзүндө дагы түшүндүрмө иштерди жүргүзүш керек. Ошол эле москвалыктарга мен кайрылып айткам, ушул Москваны сактап калабыз деп 41-жылы биздин ата-бабалар салгылашкан деп. Быйыл деле августта Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги, 70 жылдыгы белгиленет. Ошондой эле Манас атабыздын эстелигин Алтайга коебуз деп орустар өздөрү да туура көрүп атат. Орустар менен кыргыздар бир боордош эл экенин көрсөтөйүн деп атабыз да. Албетте, улутчулдук бизде эле эмес, ошол эле Россияда да бар. Бул маселени биз Россия өкмөтүнүн алдында коюп атабыз. Өзүбүз да моюнга алышыбыз керек, буга чейин ушул маселеге тийиштүү көңүл бурулган эмес.

Тарыхы жок эл болбойт

Жакында сиз дагы бир жарлыкка кол койдуңуз, кыргыздардын тарыхын, маданиятын изилдеп, ошол аркылуу эгемендүүлүктү чыңдоо, ал үчүн «Мурас» деген фонд түзүү жөнүндө. Бул иштердин натыйжасы кандай болуш керек жана көздөгөн максатыңыз эмне?
•    Бир топ мамлекеттер азыр тарыхты кайра дан жазып атышат. Байкасам, Кыргызстанда да жаштар тарыхты унутуп койгондой. Тарыхты көтөрүп жатканыбыз, азыр кыргыз саясатчылары регионго, урууга бөлүнүп, эки тоонун ортосуна батпай жатышат. Керек болсо кыргыздар килтейген каганат түзүп Сибирден, Каспийге чейин бириктирип башкарып турган да. Манас атабыз Чынгызханга 250-300 жыл мурун каганат курган да. Бирок, кыргыздардын тарыхын изилдегенге азыр деле кеч эмес. Монголияда Кыргыз нур деген көл бар, Кытайда Манас деген шаарлар, суулар бар. Түркияда Талас деген жер бар. Биз байыркы элбиз, байыркы тектерденбиз. Кыргыздар – эң байыркы элдердин бири. Кол жазмасы, темир менен иштеген курал-жарагы болгон. Ошондуктан, бул тарыхты унутуп койсок, урпактар да кечирбейт. Тарыхты унутуу – энени унутуу менен барабар. Тарыхы менен тили жок эл эл болбой калат. Ошондуктан, тарыхтан каражат аябаш керек. Атайылап фонд түзүп жатканым, бизде деле Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн намыстуу кыз-жигиттер бар. Тарыхыбызды сактап калуу үчүн экспедиция кылып жөнөтөбүз. Тарыхыбызды сактай алсак, башка мамлекеттер да башка көз менен карап калышат.

Энелер Күнү белгиленет

Жакында дагы бир Эне жөнүндө жарлыкка кол койдуңуз, энелердин күнүн белгилөө тууралуу. Кыргызстанда төрөттөн каза болгон энелердин саны өтө көп, ушул маселени чечүү үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
•    Жардыктын максаты мындай, көп өлкөлөрдө Эненин күнү бар. Биринчиден, энесин унуткандар ошол күнү жок дегенде телефон чалат, эстейт. Ал эми мамлекетте, эгерде эненин күнү болсо, сөзсүз ошол күнү өкмөт

3-май, 2012-жыл
Басып чыгаруу