Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өрттөн курман болушкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Москва шаарында кампадан чыккан өрттөн курман болушкан кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Мамлекет башчысы курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү буюруду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана тийиштүү мамлекеттик органдарга зарыл болгон бардык жардамдарды жана колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

2016-жыл 27-август