Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-сентябрда Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат:

«60 жашка толушуңузга байланыштуу чын ниттен куттуктоомду кабыл алыңыз.

Сиздин Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жумшап жаткан аракетиңизди жана эмгегиңизди, ошондой эле Сиздин жетекчилигиңиз алдындагы ар тараптуу ишмердүүлүктү жогору баалайбыз.

Астана менен Бишкек ортосундагы достук жана союздук мамилелер мындан ары да чыңдала берерине ишенем.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге бекем ден соолук, жооптуу ишиңизде албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Сизге жакшылыктарды каалоо менен,

Нурсултан Назарбаев».

2016-жыл 17-сентябрь