Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-июлда “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон стратегиялык объектилерди иретке келтирүү жана категорияларга бөлүү максатында жана Кыргыз Республикасынын “Стратегиялык объектилери жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүн аткарууда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин сунуштары менен макул болсун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүдөй чечимди белгиленген тартипте кабыл алууну сунуш кылсын:

- “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмесинин “А” (“өзгөчө маанилүү объекттер”) категориясына киргизүү жөнүндө;

- “Авиакомпания “Кыргызстан” ачык акционердик коомун (“Эйр Кыргызстан” ачык акционердик коому) Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отуруму 2017-жылдын 17-июлунда Мамлекет башчысынын төрагалыгы алдында өткөрүлүп, ушул чечим кабыл алынган.

2017-жыл 31-июль