Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жеке өзүмдүн атыман жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана Кыргызстан элин чын ниетимен өзүнө бай улуттук-нравалык баалуулуктарды камтыган Нооруз майрамы менен куттуктайм. Бул табийгаттын ойгонушун жана жашоонун кайра жаралышын билдирген жазгы майрам өзүнүн келиши менен бардык адамдарды жакшы иштерге, достукка жана биримдикке чакырат. Мындан ары да Азербайжан жана Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтыкты элдерибиздин эркине ылайык сактоо жана бекемдөөгө биргелешкен аракеттерди көрөбүз деп ишенем. Бул жарык майрамда Сизге бекем ден соолук жана бакты-таалай, бир тууган Кыргызстан элине түбөлүк тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин куттуктоо телеграммасында айтылат.

 

 

21-март, 2018-жыл
Басып чыгаруу