Индонезия Президенти Джоко Видодо Президент Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктады

Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодо Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз майрамында Сизге чын ниетимен каалоо-тилектерди жолдоо мага чоң кубаныч алып келүүдө. Бул жазгы майрам Кыргызстандын бардык элине бакубатчылык алып келип, жаңы күндөр окууга жана жумушка болгон умтулуубузду жандандырат деп ишенем. Сизге болгон сый-урматымдын эң бийик ишендирүүлөрүн кабыл алып коюуңуз», - деп Джоко Видодонун куттуктоо телеграммасында айтылат.

21-март, 2018-жыл
Басып чыгаруу