Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Башкы катчысы Юрий Осипов Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Башкы катчысы Юрий Осипов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады.

Юрий Осипов куттуктоо телеграммасында Президент Сооронбай Жээнбековго жана анын жакындарына бекем ден-соолук, бакыт, бакубатчылык, алдыга коюлган бардык пландардын аткарылышын, кезектеги жеңиштерди жана жетишкендиктерди каалады.

“Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2019-жыл Китеп жылы деп жарыяланды. Келерки жыл маданияттар аралык диалогду мындан ары карай өнүктүрүүгө жана агартуу тармагында кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем”,- деп белгиленет куттуктоодо.

2018-жыл 31-декабрь